Аймак

Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВ: “ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ОППОНЕНТТЕРИНЕН ӨЧ АЛУУ МЕНЕН АБИЙИР ТАППАЙТ!”

Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВ: “ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ОППОНЕНТТЕРИНЕН ӨЧ АЛУУ МЕНЕН АБИЙИР ТАППАЙТ!”

 5,478 Бардыгы /

Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВди Кыргызстандын Түштүк жергесинин калкы абдан жакшы тааныйт. Анткени, көп жылдар бою партиялык, советтик жана жетекчилик кызматтарды абийирдүү аркалаган. Ошондуктан, артынан бир дагы жаман сөз ээрчиткен жок! Ал кабарчыбызга курган маегинде азыркы президентибиз Садыр Жапаров  кызматынан кыянат пайдаланып, Жогорку Кеңешке депутат кезинде анын Кумтөр кени боюнча сунушун өткөрбөй коюшкан оппоненттеринен кадимкидей эле өч алуу менен гана алектенип жаткандыгына өтө кабатырланып, мындай саясий куугунтуктоо мамлекет башчысына эч качан абийир алып келбей тургандыгын дагы шардана кылды.

-Айтпай мырза, ардактуу эс алууга узатылгандан бери дегеле көрүнбөй кеттиңиз го?

-Кантип? Алай районунун Биринчи Май айылына катарынан мөмөлүү бак-дарактарды олтургузуп, анан дагы кой чарбамды  бара-бара өнүктүрүү менен гана алекмин. Агарып таң аткандан кызарып күн батканга дейре мына ушундай гөр тиричилик менен тунумсуз алпурушуп келатамын. Дагы жакшы: карыган-арыган чагымда эч зериктирбеген эрмек таптым.

-Ошентсе дагы, жаныңызда чөнтөк телефонуңуз, а үйүңүздө санарип сыналгыңыз турат. Адатыңызча акыркы жаңылыктардан деле куру эместирсиз?

-Ананчы!  Миң укккандан бир көргөн артык эмеспи. Ротация –  мезгил талабы. Бирок, мында жергиликтүү калктын суроо-талабын, психологиясын жана каада-салтын буга дейре абдан жакшы билген, анан дагы тыкыр өздөштүргөн кесипкөйлөрдү иргөө абзел! Анткени, Түндүктүн жетекчилерин Түштүккө, же тескерисинче, Түштүктүн тыңчыкмаларын Түндүк тарапка ротацилоо – которуштуруу менен маселе дегеле чечилбейт! Тескерисинче, ушул кезде биз мунун – иштин көзүн билбегендиктин, азабын куп гана тартып жатабыз, эй!

-Кантип?

-Ыя, айланайын! Жаңы акимдер жергиликтүү шартка көнүп-ылайыкташкыча, калктын кул-мүнөзүн жана үрп-адатын толук кандуу өздөштүргүчө, убакыт дегениң бизге каршы иштеп жатпайбы. Акылман Кыргыз эли бекеринен айтпагандыр: өз өлтүрбөйт, а жат жарытпайт!

-Ошондуктан, кандай кадам жасоо абзел?

-Ошондуктан, Түштүк жергесинин акимдерин жана Айыл Өкмөт башчыларын Түштүк аймактарынын райондоруна, Айыл Өкмөттөрүнө эле ротациялаган оң. Ал эми өлкөбүздүн Түндүк аймагынын жетекчи кадрларын деле дал ушул принципте пайдалансак, буюрса, мындан баарыбыз тең утабыз, эй!

-А жетекчи кадрлардын жашын кантебиз?

-Улуу империянын – СССРдин маалында кадрларды көптөгөн жылдар бою бекеринен төмөндөн жогору карай үзгүлтүксүз белендеп-тарбиялаган эмес. А түгүл аларды көрө-көрө – көсөм, сүйлөй-сүйлөй чечен кылып дасыктырган. Албетте, бул – чоң мектеп!

А азырчы? Кары-жашына карабастан, талапкерлердин партиялуулугун гана көңүлгө бекем тутуп эле, эптеп көтөрмөлөп жатышат. Ушул жагдай, жашырып не, кендирибизди кесип, Кыргызстанды кургуйга кулатууну гана шарттап олтурбайбы.

-Коррупционерлерди чекесинен камап, анан дагы аларды кустуруп, өлкөбүздүн  бюджетин толтурушкандыгынын эмнеси жаман?

-Өнүккөн өлкөлөрдө коррупция менен минтип күрөшүшпөйт. Жеп-ичкени биротоло аныкталдыбы? Аларга келтирилген чыгымдарды мамлекет казынасына бүт төлөттүрүп, андан ары жасаган кылмышына жараша түрмөгө дагы узак жылга кесишет. А биздечи? Адегенде Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовго окшотуп кустурушат дагы, бирок, казынага төлөгөн акчасынын изи жок! Элге эмдигиче отчет дагы беришпеди.

-А Кумтөр алтын кенине байланышкан бир катар ызы-чуулуу камоолор коррупция менен күрөшүүгө жатпайбы?

-Ооба! Маселен, Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун  бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун, парламент мүчөсү Зулпукар Төрөбаевдин, экс-премьер-министр Темир Сариевдин, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун камалышы – бул президент Садыр Жапаровдун оппоненттеринен кадимкидей эле өч алуусу! Муну башкача айтууга мүмкүн дагы эмес! А Кумтөр – бул жөн гана шылтоо! Мындай ыплас күрөш, албетте, жигитчиликке жатпайт. Азыркы Кыргыз бийлигине абийир дагы алып келбейт!

-Айтпай мырза, анда мындан ары кантебиз?

-А тараптуу реформаларды илгерилетип, аймактарды жана тармактарды адегенде ирилештирүүбүз абзел! Эң ириде УКМКга, ИИМге жана прокуратура органдарына тиш кагып, жетиштүү тажрыйба топтогон 50-55 жаштагы кесипкөйлөрдү гана жетекчиликке токтоосуз көтөрүүбүз зарыл! Анткени, Кыргыз Республикасынын толук кандуу коопсуздугун ушулар гана камсыз эткенге жарайт!

Андан ары жер реформасын ырааттуу түрдө жүргүзүп, көп жылдык ижарага, курулушка жана башка максаттарга энчиленген жерлерибизди бүт ревизиялап, баарын тең мамлекет өз карамагына кайтарып алуусу кажет! Мындан тышкары Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайлоо системасын биротоло жоюп, шайлоочулардын санына жараша депутаттардын округдардан гана шайланышы эң туура! Ошондо гана региондордун кызыкчылыктары бекем корголот. Мындан тышкары аймактарга бөлүнүп-жарылууга дагы дээрлик чекит коюлат.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17