Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
8,167 Бардыгы / Учурда Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн имаратына санариптик шартта жаңыдан муниципалдык кызмат көрсөтүү борбору жана алтымыш орунга ылайыкташтырылган бардык шарты менен талкуу аянтчасы деп аталган зал ишке берилген. Ушул туурасында айыл өкмөт башчысы Алкадыров Майрамбек Маматкулович менен маек курдук. – Майрамбек Маматкулович, айыл өкмөттүн деңгээлинде заманбап муниципалдык кызмат көрсөтүүчү бирдиктүү айнек жана талкуу […]
8,168 Бардыгы / Учурда Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн имаратына санариптик шартта жаңыдан муниципалдык кызмат көрсөтүү борбору жана алтымыш орунга ылайыкташтырылган бардык шарты менен талкуу аянтчасы деп аталган зал ишке берилген. Ушул туурасында айыл өкмөт башчысы Алкадыров Майрамбек Маматкулович менен маек курдук. – Майрамбек Маматкулович, айыл өкмөттүн деңгээлинде заманбап муниципалдык кызмат көрсөтүүчү бирдиктүү айнек жана талкуу […]
ЭЛДИ ТЕЙЛӨӨГӨ ЫҢГАЙЛУУ ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮП ЖАТАТ
29.12.2021 / Автор anarkan_kg8,169 Бардыгы /
Учурда Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн имаратына санариптик шартта жаңыдан муниципалдык кызмат көрсөтүү борбору жана алтымыш орунга ылайыкташтырылган бардык шарты менен талкуу аянтчасы деп аталган зал ишке берилген. Ушул туурасында айыл өкмөт башчысы Алкадыров Майрамбек Маматкулович менен маек курдук.
– Майрамбек Маматкулович, айыл өкмөттүн деңгээлинде заманбап муниципалдык кызмат көрсөтүүчү бирдиктүү айнек жана талкуу аянтчасы жаңыдан иштеп баштаптыр, куттуктайбыз. Айтсаңыз, бул курулуш идеялары кайдан келип чыкты?
-Мен ар кандай жумуштар менен өлкөбүздүн көптөгөн район-шаарларында болом. Барган жеримде биринчи кезекте ишкананын имаратын көрөм. Анын ичиндеги иш бөлмөлөрү, маалыматтык бурчтары жана башка технологиялык шарттары менен таанышам. Ушундан улам керектүү идея өзүнөн-өзү пайда болот. Буларды куруп жасалгалоого каражат керек эмеспи. Айыл өкмөттүн бюджети болсо ченелүү экенин баарыбыз жакшы билебиз. Кыскасы кантип куруп, жасалгалоо туурасында, каражатты кайдан алуу керек деген суроонун алдында жыйын уюштуруп, ар тараптуу изденебиз.
-Бул долбоорлор туурасында айтып берсеңиз?
– Жалал-Абад шаарындагы “Абад” коомдук уюму жер-жерлерде ар тараптуу социалдык колдоолорду көрсөтүп келе жатканынан кабарым бар эле. Алгач жамаат менен бирдикте айыл өкмөттүн атынан кайрылуу жасадык. Кайрылуунун негизинде “Абад” коомдук уюмунун жетектөөчү менеджери жана бир нече кесипкөй кызматкерлери келишип, жасала турган иштердин зарылчылыгы боюнча жеринде таанышып, калкыбыз үчүн керектүү маселе экенин эске алып, “Биоkg” жана “Абад” коомдук уюмдарынын өнөктөштүгү менен биргеликте пландаштыруу жана катышуу менен экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
-Каражат маселесин кандай чечтиңер?
-Дээрлик биз айыл өкмөт бирдиктүү айнек кызмат көрсөтүү борборунун ичин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Калган жумуштун баары долбоор аркылуу бүттү. Тагыраагы бирдиктүү айнек бөлмөсүндөгү алюминпластик тосмолор, алты компьютер комплекти принтери менен, иш кагаздары үчүн алты шкаф, алты стол кресло, жылуулук кондиционери жана келген адамдар үчүн үч журнал столу, он отургуч жана үч диван стол коюлуп элибизге кызмат көрсөтүп жатат. Ал эми талкуу аянтчасынын ичиндеги заманбап эмеректери толук долбоор аркылуу бүттү. Эми биздин жасай турган ишибиз имараттын кире беришин толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүбүз керек. Азыр бардык керектелүүчү курулуш материалдарын алып койдук. Буюрса бир жуманын ичинде толук бүтүрөбүз.
– Бул бирдиктүү айнек бөлмөлөрүндө элге кандай кызматтар көрсөтүлөт?
-Бул бөлмөлөргө азыр социалдык маселелер боюнча адис, салык кызматы боюнча адис, жер адиси жана айыл өкмөт катчысы кирип иштеп жатышат. Жакынкы күндөрдө райондук деңгээлдеги архитектура, кадастр жана паспорт берүү ишканаларынан бирден адисти отургузабыз. Ал эми талкуу аянтчасында айылдык кеңештин кезектеги жана кезексиз ачык сессиялары, ар кандай темалардагы семинар-кеңешмелерди, жолугушууларды жана элге керектүү болгон иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Шартка жараша кошуна айыл өкмөттөр иш-чара өткөрүүгө сурап калып жатышат, аларга да мүмкүнчүлүк берип жатабыз.
–Жаңы жылда дагы кандай максаттарды көздөп жатасыздар?
-Чынын айтканда аткара турган жумуштарыбыз абдан көп. Буюрса жаңы жылда ушул “Абад” коомдук уюмуна кайрылуу жасап, айыл өкмөткө караштуу жерлерди санариптик негизде инвентаризациялык базасын түзөлүк деген ойдо турабыз. Ушул ишти ишке ашырып алсак, элибиз үчүн дагы бир чоң шартты жараткан болот элек. Учурдан пайдаланып, биз менен кызматташып жакындан чоң жардамдарын көрсөткөн эл аралык “Биоkg” жана “Абад” коомдук уюмдарына элимдин атынан жана өзүмдүн атымдан чоң ыраазычылык айткым келет. Айрыкча биз менен тыгыз байланышта иштешип, долбоорлорду ишке ашырууда абдан чоң салымдарын кошкон “Абад” коомдук уюмунун жетектөөчү менеджери Чолпон Эргешовага жана долбоордун аткарылышын көзөмөлгө алган адиси Авазбек Нурбаевге терең ыраазычылык айтам.
Маектешкен: Узакбай МАМАТКУЛОВ, журналист
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg СҮТТҮ ТАШУУГА САЛЫНГАН ТЫЮУ БОЮНЧА ОРУСИЯДАН КАТ КЕЛЕ ЭЛЕК
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg «ЧЕК АРАЧЫГА – БИРДЕН КИТЕП» АКЦИЯСЫНДА 4 МИҢГЕ ЖАКЫН КИТЕП ТОПТОЛДУ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: 9-МАЙ МАЙРАМ КҮНҮНӨ КАРАТА АЙРЫМ КӨЧӨЛӨР ЖАБЫЛАТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.