Аймак

ТҮРКИЯ ШВЕЦИЯ МЕНЕН ФИНЛЯНДИЯНЫН НАТОго КИРҮҮСҮН КОЛДОДУ

ТҮРКИЯ ШВЕЦИЯ МЕНЕН ФИНЛЯНДИЯНЫН НАТОго КИРҮҮСҮН КОЛДОДУ

 1,686 Бардыгы /

Түркия, Швеция жана Финляндия 28-июнда НАТО уюмунун Испаниянын борбору Мадрид шаарында өткөн саммитинде коопсуздук боюнча макулдашууга кол коюшту.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, бул макулдашуу Швеция менен Финляндиянын аталган уюмга кошулуу процессине жол ачат.

Түрк президентинин администрациясы билдиргендей, бул эки өлкө Күрдистан жумушчу партиясын жана расмий Анкара террордук деп эсептеген башка да бирикмелерди колдобоо милдеттенмесин алышты.

Йенс Столтенберг Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуусу Орусиянын президенти Владимир Путиндин аталган уюмдун орус чек арасындагы күчтөрүн азайтуу максатын ишке ашырылгыс кылган кадам катары сыпаттады.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен. Ага кирүү альянска мүчө мамлекеттердин баарынын бир добуштан колдоосун талап кылат.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Ага алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17