Аймак

КАДАМЖАЙДА 4,5 ТОННА КАРА КУУРАЙ ӨРТТӨЛҮП ЖОК КЫЛЫНДЫ

КАДАМЖАЙДА 4,5 ТОННА КАРА КУУРАЙ ӨРТТӨЛҮП ЖОК КЫЛЫНДЫ

 3,447 Бардыгы /

          БАТКЕН. Баткенде МАК-2022 аттуу иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат. Талааларда жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу-чараан иштешип, атайын топ дагы түзүшүп, биргеликте жумуш алып барышууда.

Кадамжай райондук ички иштер органынын кызматкерлери Кадамжай шаарынын Каңды жана Үч-Коргон айылынын Боз аймагындагы талааларда, ошондой эле үлүш жерлерде жапайы өскөн кара куурайды бригадалар менен биргеликте орушуп, а түгүл өрттөшүп дагы жок кылышууда. Мындан тышкары аталган аймактарда мурда наркотикалык кылмыш менен соттолуп келип, каттоодо турган атуулдар арасында түшүндүрүү жаряны күчөтүлдү.

Ошентип, Кадамжай районунда кара куурай өскөн жалпы 3,5 гектар жер аянты орулуп, мунун артынан 4,5тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17