Аймак

СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА ЖАРДЫРУУЧУ ЗАТТАРДЫ САКТАГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА ЖАРДЫРУУЧУ ЗАТТАРДЫ САКТАГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 2,634 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам маалыматтарынын негизинде Сүлүктү шаарынын тургунунун мыйзамсыз жардыруучу заттарды сактап жүргөндүгү туурасында ыкчам маалымат алынып, ал Баткен ОИИБдин Кыргыз Республикасынын КЖКнын 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 27-июль күнү жогорудагы кылмыш иши боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгыныни кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө  иш-чаралары жүргүзүлүп, Сүлүктү шаарындагы “Тазалык” ишканасынын аймагына тергөө кызматы менен биргеликте тинтүү жараянын жүргүзгөндө, Сүлүктү шаарынын тургуну мурда сот жообуна тартылган 61 жаштагы С.К. жогорудагы ишкананын кийим алмаштыруучу жайына жардыруучу заттарды койгон жеринен кармалды.

Ошентип, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жалпысынан 30 даана 6 кило 310 грамм салмактагы “тратил” жарылуучу заттары, 53 даана салмагы 990 грамм капсулалар (детонаторлор) Кытай өндүрүшүндөгү капка салып, жашырып койгон жеринен аныкталып алынды.Ушул тапта аныкталып алынган жардыруучу заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын жагдайлары иликтенип, тергөө жаряны кызыды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17