Аймак

БАТКЕНДИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ГАНА ЖОГОРКУ БИЛИМ АЛУУДА ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛДЫ

БАТКЕНДИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ГАНА ЖОГОРКУ БИЛИМ АЛУУДА ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛДЫ

 3,111 Бардыгы /

БАТКЕН. Быйылкы окуу жылында мамлекет тарабынан Баткен облусунун мектептеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн Баткен мамлекеттик университетинде билим алууга бир нече жеңилдиктер каралды. Буга ылайык жалпы республикалык тестирлөөдөн 100 упай алган бүтүрүчүү аталган окуу жайда бюджеттик негизде билим алганга мүмкүнчүлүк жаралып олтурат. Муну үчүн аталган окуу жайга быйыл 160 бюджеттик орун бөлүндү.

-Аталган жеңилдиктер Баткен мамлекеттик университетине гана ыйгарылды. Башка ЖОЖдорго мындай жеёилдик дегеле каралган жок! Ошентип, бүтүрүүчү 100 упай алса, анда бюжеттик негиздеги окууга тапшыра алат. Ал эми 95 упай менен келишимдик негизде билим алса деле болот. Бул БатМУга гана мүнөздүү! – деди БатМУнун тышкы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Жеңишбек Элболдуев.

БатМУдан билдиришкендей, «Чек ара тилкесинде жашаган жана 62 чек ара макамын алган айылдардан келген абутуриентер дагы өзгөчө тартипте окууга кабыл алынат. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен ажыраган студенттерге дагы олуттуу жеңилдиктер каралды. Эгерде Баткен мамлекеттик Университетинде белгиленген бюджеттик орундар, Баткен облусунун бүтүрүүчүлөрүнөн артса, анда бул жеңилдиктерден Кыргызстандын башка аймактарындагы бүтүрүүчүлөр дагы пайдаланышса болот.

Ал эми Баткен облустук бийлигинин маалыматына таянсак, учурда облустун 43 бүтүрүүчүсү Бишкек шаарында аскердик окуу жайда билим алууда, акыркы эки жылда баткендик жаштардын билим алуусу үчүн, бир катар жогорку окуу жайларда, жеңил шарттар түзүлүүдө. Мындай жеңилдиктер Баткендин борбордон алыстыгын жана аймактын элинин катаал жашоошартын эске алуу менен чек арадагы элди ар тараптуу колдоо максатында гана каралган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17