Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,626 Бардыгы / Улуттук статистикалык комитеттин изилдөөсүнө ылайык, өткөн жылы Кыргызстанда 1 миллион 300 миңден ашуун адам турист катары эл-жер кыдырган. Ал эми калкка туристтик-экскурсиялык кызмат көрсөтүүдөн жалпы 1 миллиард сомдон ашык киреше болгон. Тейлөөнүн сапатын жакшыртуу менен туристтердин агымын дагы көбөйтүп, мындан да көбүрөөк каражат тартууга болорун адистер айтышат. Бишкектен келген эс алуучу Бермет Турсалиеваны […]
3,627 Бардыгы / Улуттук статистикалык комитеттин изилдөөсүнө ылайык, өткөн жылы Кыргызстанда 1 миллион 300 миңден ашуун адам турист катары эл-жер кыдырган. Ал эми калкка туристтик-экскурсиялык кызмат көрсөтүүдөн жалпы 1 миллиард сомдон ашык киреше болгон. Тейлөөнүн сапатын жакшыртуу менен туристтердин агымын дагы көбөйтүп, мындан да көбүрөөк каражат тартууга болорун адистер айтышат. Бишкектен келген эс алуучу Бермет Турсалиеваны […]
САПАТТУУ ТЕЙЛӨӨ ТУРИСТТЕРДИ ТАРТАТ
10.08.2022 / Автор orozalieva3,628 Бардыгы /
Улуттук статистикалык комитеттин изилдөөсүнө ылайык, өткөн жылы Кыргызстанда 1 миллион 300 миңден ашуун адам турист катары эл-жер кыдырган. Ал эми калкка туристтик-экскурсиялык кызмат көрсөтүүдөн жалпы 1 миллиард сомдон ашык киреше болгон. Тейлөөнүн сапатын жакшыртуу менен туристтердин агымын дагы көбөйтүп, мындан да көбүрөөк каражат тартууга болорун адистер айтышат.
Бишкектен келген эс алуучу Бермет Турсалиеваны Арстанбаптын жаратылышы, жаңгак токою кызыктырат. Бирок, ал мындагы тейлөөнүн сапатын жакшыртуу керектигин байкаптыр.
“Конок үйлөрдө жууркан, чачыктар стандарттарга жооп берип, таза кездемеден болушу керек. Биз барган үйдө чачыктар таза экен, бирок синтетикалык кездемеден болгондуктан суу сиңбей калыптыр. Конок үйлөрдөгү душту, даараткананы таза сактап, суу менен жууганы ыңгайлаштыруу керек. Ошондой эле, туристтер үчүн маалымат борборун уюштуруп, алып жүрүүчү автоунаа, гид, конок үйлөр тууралуу маалымат берилсе жакшы болмок. Арстанбаптын борборунда кечинде тамактануучу жайлардын иштебегендиги да ыңгайсыз”, – деди Бермет Турсалиева.
Кыргызстандагы ички туризмдин абалы
Туризм тармагындагы эксперттер өлкө аймагындагы бардык эс алуу жайларындагы тейлөө сапаты бирдей деп баалашат. Алардын айтымында, кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн муктаждык болгону менен мамлекет тарабынан алгылыктуу кадамдар боло элек.
“Кыргызстанда ички туризм боюнча жакшы тенденция башталды. Буга пандемия көп жардам берди. Себеби эл сыртка чыга албай, Кыргызстандын ичин кыдыра баштады. Эгемендикти алгандан бери туризмдин ички толкуну мындай боло элек болчу. Жалал-Абаддынтуризм боюнча потенциалы жогору, бирок бул тармак аксап жатат. Кыргызстандагы бардык эс алуу жайларындагы тейлөөнүн сапаты өтө жогору, же өтө жаман эмес, азырынча өнүгүп келе жатат. Бирок мамлекет тарабынан концептуалдуу иш-чара, кадамдар боло элек. Мисалы, кандайдыр бир критерийлерге таянып кээ бир пансионат же кафе-ресторандар тейлөө сапатын жакшыртса,бул үчүн мамлекет тарабынан жеңилдик бере элек”, – деди туризм тармагы боюнча эксперт Максат Чаки.
Тейлөө жылмаюудан башталат
“Кyrgyz Friends” туристтик фирмасынын турменеджери, дипломдуу адис, эксперт Күлчоро Кадыралиев туризмди өнүктүрүү жана тейлөө тармагында бир топ кемчиликтер бар экенине токтолду. Анын айтымында жөнөкөй нерселер менен тейлөөнүн сапатын аныктоого болот.
“Тейлөөнүн жөнөкөй, бирок маанилүү бөлүгү – жылмаюу болуп саналат. Бизде көбүнчө меймандарга чын дилден, жылмайып тейлөө көрсөтүлбөйт.Тейлөө кызматындагылар туристтер үчүн эс алуучу жайдын “жүзү” катары сыпатталат. Мисалы, башка мамлекеттерге барсаң, баары башкачадай сезилет, жайдары тосуп алышат. Кайра Кыргызстанга келгенде “эмоциялык караңгылык” билинет.Тилекке каршы, тейлөөдө ушул нерсе жолго салынган эмес. Туристтер менен кантип байланыш түзүүнү билбегендик, этиканын жоктугу дагы чоң катачылык”, – деди Күлчоро Кадыралиев.
Конок үйлөрдүн тутуму
Кыргызстанда коомчулукка негизделген туризм (СВТ) уюму 2001-жылдан бери иштейт. Жалал-Абаддагы Арстанбап, Белтерек, Гумкана жана Кызыл-Үңкүр айылдарында конок үйлөрү бар. Мында туристтерди тосуп алуу, конок үйлөргө жайгаштыруу жана лыжа, ат үстүндөгү саякат сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт.
“Арстанбап СВТ тобунда 21конок үй болсо, алардын 10у аккредитациядан өтүп, сертификат алып иштей баштады. Бардык талапка жооп берип, аккредитациядан өткөн конок үйлөргө баа берилет. Ал конок үйдүн бир күндүк жатаканасы, эрте мененки тамагынын суммасы белгиленет. Конок үй ээлерине жылына бир жолу тажрыйба алмашуу, сапатуу тейлөө жүргүзүү боюнча тренинг өтүлөт. СВТнин топторунун ичинде дагы тамак бышыруу, дасторконду түзүү боюнча да сабактар болот. Туристтерди тейлөөдө жергиликтүүлөр, конок үйлөрдүн ээлери тилден бир аз кыйналышат. Ошондуктан СВТ англис жана орус тилинде менюларды жана конок үйдүн эрежелерин иштеп чыгып, таратып бергенбиз”, – деди СВТнин координатору Хаят Тариков.
Сапаттуу тейлөөгө үйрөткөн долбоорлор
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Токтогул жана Базар-Коргон райондорунда “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фонду тарабынан долбоор ишке киргизилген. Анын алкагында жергиликтүү жаштар сапатуу тейлөө, туристтерди коштоочу болууга окуп, алартуристтерди тейлөөдөнкошумча каражат табууга үйрөнүүдө.
“Тоо жана окуялуу туризм” долбоорунун алкагында жаштарды тоодо коштоп жүрүүчү болууга үйрөттүк. Алар туристтик топту тоого кантип алып чыгат, кандай тамак жасап, кантип чатырларды орнотот, коопсуздук, медициналык жардам берүү жолдорун өздөштүрүштү. Долбоордун катышуучуларына тоого чыгууга керектелүүчү шаймандарды өткөрүп бердик. Эми аларүйрөнгөн ыкмаларды колдонуп, туризм аркылуу каражат табууга аттанышты.Ал эми кыз-келиндерге конок тосуу сервисин, туристтерди тейлөө, эрте мененки тамакты берүү, конок үйдүн стандарттары, санитардык нормаларды окуттук”, – деди коомдук фонддун директору Гульсана Абытова.
Абытова жергиликтүүлөрдүн маданияттуу болушу туристтерди чакырууга шарт түзөт дейт.
“Тейлөөнү жакшыртуу үчүн туристтик аймакта жашаган калкка, жергиликтүү бийликке “турист – акча алып келет” деген түшүнүктү сиңиришибиз керек. Андан сырткары, эс алуучу аймакка барчу жолдорду оңдоо зарыл. Бардык жерлерге урналарды коюп, тазалык маселесин жергиликтүү бийлик колго алыш керек. Туристтик сезондо багытоочу белгилерди орнотуп, гугл-картага ФАП, милиция, эс алуучу жайларды киргизүү зарыл”, – деди Г.Абытова.
Адистер туризмди өнүктүрүү, тейлөө шарттарын жакшыртуу үчүн эс алуучу жайлардагы, жол боюндагы ажатканаларды жакшыртуу, куруу зарылдыгын маанилүү деп белгилешти.
Акылай Карабаева
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА «КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ» МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ
-
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДА КОНСТИТУЦИЯНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.