Аймак

АК ИЛБИРСТИ САКТОО БОЮНЧА ЖАРЫШТЫ УЮШТУРУУЧУЛАР ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ТОКОЙЧУЛАРЫНА ЖОЛ ТАНДАБАС УНААСЫН ТАПШЫРЫШТЫ

АК ИЛБИРСТИ САКТОО БОЮНЧА ЖАРЫШТЫ УЮШТУРУУЧУЛАР ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ТОКОЙЧУЛАРЫНА ЖОЛ ТАНДАБАС УНААСЫН ТАПШЫРЫШТЫ

 3,300 Бардыгы /

Кыргызстандын булуң-бурчунан келген ар бир чуркооону сүйгөн жаран 25-сентябрда Nomad Sport компаниясы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу Эл аралык кайрымдуулук Snow leopard run жарышына катышып, Кызыл китепке кирген жырткычты сактоого салым кошо алат.

Алдыда боло турган кайрымдуулук жарым марафондон түшчү каражатты кезектеги алуучунун ким болоору добуш берүүнүн жыйынтыгына жараша белгилүү болот.

Өткөн жылдары чуркоону сүйүүчүлордүн старттык кирүү акысынан түшкөн каражаттын олуттуу бөлүгү ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) жумшалган. Тагыраагы, былтыр 3200 күлүк жарышка катышып, андан чогулган акчанын 1 млн. сомдон ашыгына жаңы «Нива» үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынган. 10-августта иш-чаранын уюштуруучулары ушул жол тандабастын ачкычын КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага тапшырышты. Келечекте бул унаа Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын токойчуларына тоолуу аймакта жүрүү үчүн өткөрүлүп берилет.

«2021-жылы биз Кыргызстандагы ак илбирстин санын аныктоо үчүн фотокапкаандарды сатып алганбыз. Алар Ак-Суу менен Шамшыда орнотулуп, азыркы тапта андан алынган маалыматтар чогултулуп, иштелип чыгып жатат. Жакын арада Ала-Тоо тоо кыркаларынын аймагында жашаган жырткычтын болжолдуу саны белгилүү болот. Быйыл “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын жумушчулары үчүн жогору жүрүү сапатындагы унаа сатылып алынды. Автоунаа мыйзамсыз аңчылык кылганарга каршы күрөшүү, профилактикалык рейддерди жана оперативдүү иш-сапарларды өткөрүү үчүн колдонулат. Кызыл китепке кирген жаныбар үчүн жагымдуу чөйрөнү сактоо боюнча мындай иштер абдан маанилүү. Жарым марафондун ар бир катышуучусу ак илбирсти сактоого карата өз салымын кошуп жаткандыгы бизди абдан кубандырат», – деди ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча Глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Кочоров.

Быйыл жөө күлүктөр акчаны ала турган Кыргызстандагы экологиялык уюмду өздөрү тандай алышат.

«Бизге каржылоо боюнча арызын берген уюмдардын ичинен үч негизги долбоор тандалып алынат. Андан кийин эң чоң Snow leopard run ишчарасына катышуучулар добуш берүү жолу менен жеңүүчүнү тандап алышат. Буга карата билдирмени office@nomadsport.kg дарегине жөнөтсө болот», – дейт NOMAD Sport коомдук фондунун аткаруучу директору Айгерим Моношбекова.

Быйылкы күздүн негизги спорттук иш-чарасына старт алуу салтка айлангандай, Ала-Тоо аянтында башталат. Маршрут Бишкектин борбордук көчөлөрү, архитектуралык эстеликтер жана тарыхый имараттардын жанынан өтөт. Жалпысынан беш аралыктын түрү каралган: 21,1 км, 14 км, 5 км, 1 км жана 3 жаштан 11 жашка чейинки балдар үчүн маршруттун узундугу 100, 200 жана 500 метрден турган – Kid’s Run болот.

«Быйылкы жылы биз рекорддук сандагы катышуучулардын катталышын күтүп жатабыз – беш миңге жакын адам Бишкектин борбордук көчөлөрү аркылуу чуркап өтүшөт. Спорттук туризмди жайылтуу биздин алдыга койгон дагы маанилүү максаттарыбыздын бири, – дейт NOMAD Sport уюмунун директору Арслан Малдыбаев. – Быйылкы жылдын жаңылыгы, бул – аймактык жарыш. Иш-чарага өлкөнүн аймактарынан 14 жаштан жогорку спортту сүйүүчүлөр катышып, старт күнү алар онлайн байланышка чыгышат. Азырынча биз жер-жерлерде жарыштарды уюштура албасак да, келечекке карата планда бар. Анткени менен биздин өлкөбүздүн ар кайсы областтарында өкүлдөр бекитилип, алар Бишкек менен биргеликте аралыкты басып өтүп, марага жетип, медалын ала алышат. Ошондо гана бул ишчара чындап эле өлкө боюнча өткөн жарыш болуп эсептелет».

Спортчуларды каттоого алуу 15-сентябрга чейин уланат. Жарышка катышуунун шарттары тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алууга болот.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН

Nomad Sport компаниясы 2012-жылдан бери массалык спорттук иш-чараларды уюштуруп, аны өткөрүү менен алектенип келет. Уюштуруучулар сууда сүзүү, велосипед тебүү жана чуркоо сыяктуу спорттун түрлөрүн жайылтуу жана жалпы улуттун ден соолугун чыңдоо максатын көздөйт. Компаниянын жыл сайын өткөрүүчү спорттук иш-чараларынын катарында Jaz Demi жазгы жарым марафону, жазгы веложарыш, жайындагы түнкү чуркоо, Snow leopard run чуркоо боюнча кайрымдуулук жарым марафону, Жаңы жыл алдындагы Santa Run чуркоосу, экстремалдык тоскоолдуктардан өтүүчү Nomad Race жана ошондой эле Nomad Sport көчмөндөр оюндары бар. Бул компания кайрымдуулук иштерине активдүү катышып, андан түшкөн каражатын олуттуу бөлүгүн жагымдуу иштерге жумшайт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17