Аймак

ТҮРКИЯ АШХАБАДДЫН ӨТҮНҮЧҮ МЕНЕН ТҮРКМӨН ЖАРАНДАРЫНА ВИЗА РЕЖИМИН КИРГИЗДИ

ТҮРКИЯ АШХАБАДДЫН ӨТҮНҮЧҮ МЕНЕН ТҮРКМӨН ЖАРАНДАРЫНА ВИЗА РЕЖИМИН КИРГИЗДИ

 1,602 Бардыгы /

Түркия Түркмөнстандын жарандарына виза режимин киргизди. Мындай чечимди түрк өкмөтү 13-сентябрда кабыл алып, ага Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койгон.

3-сентябрда Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядан түркмөн жарандары үчүн виза режимин киргизүү өтүнүчүн берген. Мекеме муну “Түркмөнстандын жарандарынын Түркияда жүрүү эрежелерин жакшыртуу” аракети менен түшүндүргөн.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасынын маалыматына караганда, эми түркмөн жарандары үчүн Түркияга виза берүү иши менен Gateway International фирмасы алектенет.

Буга чейин Түркмөнстандын жарандары Түркияга визасыз эле кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышчу. Ушундан улам Түркия түркмөн эмгек мигранттары үчүн иштөөгө ыңгайлуу мамлекеттердин бири болчу.

Түркиянын Миграция кызматынын маалыматы боюнча, 1-сентябрга карата бул өлкөдө Түркмөнстандын 230 миңдей жараны жашап жатат. Бирок мыйзамсыз жүргөндөрдү кошуп эсептегенде алда канча көп экени айтылып жүрөт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17