Аймак

ОШТУнун СТУДЕНТТЕРИ БАТКЕНДИК БАЛДАРГА ЖАРЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАШТЫ

ОШТУнун СТУДЕНТТЕРИ БАТКЕНДИК БАЛДАРГА ЖАРЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАШТЫ

 1,617 Бардыгы /

          ОШ. Академик Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде Баткенден келишкен үй-бүлөлөрдүн балдарына арналып атайын оюн-зооктор уюштурулду.

Аталган иш-чара аталган университеттин табигый-техникалык факультетинин студенттери тарабынан өткөрүлүп,  Надыр Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры менен биргеликте кичинекей балдар-кыздардын жүзүндө жагымдуу жылмаюуну үстөккө-босток тартуулашты. Мында уюштуруучулар тарабынан балдарга ыр-бий сынактары, анан дагы оюн-зооктор уюштурулуп, а түгүл белек-бечкектер дагы таратылды.  Ар бир балакайга бактылуу балалык, чын ден соолук тилешти.

Академик Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде бул өңүттө далай жакшы иштер жасалып келатат. Кайрымдуулукту эң алдыңкы орунга койгон аталган жогорку окуу жайдын студенттери Баткенден келишкендерге колдорунан келишинче жардам дагы берип жатышат. Жаштардын бул иш-аракеттерине баткенчи балдардын ата-энелери ыраазычылык гана айтышууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17