Аймак

ОРУСИЯНЫН ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНИН БАШКЫ КАТЧЫСЫ ӨЛКӨДӨН ЧЫГЫП КЕТТИ

ОРУСИЯНЫН ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНИН БАШКЫ КАТЧЫСЫ ӨЛКӨДӨН ЧЫГЫП КЕТТИ

 948 Бардыгы /

Орусиянын Олимпиада комитетинин башкы катчысы, синхрондуу сууда сүзүү боюнча Олимпиаданын беш жолку чемпиону Анастасия Давыдова өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Орусиянын Синхрондуу сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Федерациянын вице-президенти Ольга Брусникина бул кабар “баарын таң калтырганын” билдирди. Бурсникина да, Орусиянын Олимпиада комитетинин өкүлдөрү да Давыдованын өлкөдөн биротоло чыгып кетишине байланыштуу башка эч кандай маалымат берген жок.

Орусия Украинага басып киргенден бери эл аралык спорттук федерациялардын көбү орус спортчуларын өз мелдештеринен четтетишкен. Орусиянын футбол боюнча курама командасы Европанын жана дүйнөнүн чемпионаттарына катышуу укугунан ажыратылган. Орусиянын футболдук клубдары Чемпиондор лигасы жана Европа лигасы өңдүү ири клубдук мелдештерге катыша албай калган. Мындан тышкары орусиялык хоккейчилер эл аралык мелдештерден четтетилип, ондогон орусиялык спортчу өлкөдөн чыгып кетип же жарандыгын алмаштырган.

Анастасия Давыдова 2004-жылы Афиныда, 2008-жылы Бээжинде жана 2021-жылы Лондондо өткөн жайкы Олимпиада оюндарында жалпысынан беш алтын медаль уткан. Мындан тышкары ал дүйнөнүн 13 жолку чемпиону болуп эсептелет.

Спорттук карьерасын жыйынтыктагандан кийин Давыдова алгач Орусиянын Олимпиада комитетинин вице-президенти болуп, 2014-жылдын май айында уюмдун башкы катчысы кызматына келген. Өткөн жылы президент Владимир Путин Давыдованы “Ата Мекенге кызмат кылганы үчүн” IV даражадагы орден менен сыйлаган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17