Аймак

ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНГА МАМЛЕКЕТТИК САПАР МЕНЕН КЕЛЕТ

ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНГА МАМЛЕКЕТТИК САПАР МЕНЕН КЕЛЕТ

 810 Бардыгы /

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда сапардын мөөнөтү такталууда.

“Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Өзбекстан менен кызматташтык башкы орунда. Ошондуктан, президент Садыр Жапаров да өзүнүн алгачкы сапарларынын бирин Ташкентке жасады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары тууралуу макулдашуу бар. Мөөнөтү дипломатиялык агымдар аркылуу такталууда. Учурда биз Өзбекстан тарапка сунуштачу инвестициялык долбоорлор, бир катар меморандум жана эки тараптуу келишимдердин долбоорлору даярдалып жатат”.

Нуран Ниязалиев кол коюлчу документтердин мазмунун ачыктаган жок.

Айрым маалыматтарга караганда, Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди Өзбекстанга берүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Келишимдин долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралган.

Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу комитеттин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев документте ачыкталбай турган маалыматтар бар экенин, документтин толук мазмуну эки президент кол койгондон кийин жарыяланарын айткан.

Быйыл, 14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу макулдашууга жетишкен. Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты менен өтөт. Учурда үч өлкөнүн адистери долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп жатканы маалым. Аларга келерки жылдын 1-июнуна чейин убакыт берилген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17