Аймак

КАЗАКСТАНДА МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК КОМБИНАТТАГЫ ТӨРТ КИШИНИН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА СОТ БАШТАЛГАНЫ АЙТЫЛДЫ

КАЗАКСТАНДА МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК КОМБИНАТТАГЫ ТӨРТ КИШИНИН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА СОТ БАШТАЛГАНЫ АЙТЫЛДЫ

 1,698 Бардыгы /

Казакстанда 10-июнда төрт жумушчунун өмүрүн алган «АрселорМиттал Темиртау» металлургиялык комбинатындагы окуя боюнча сот жараяны башталды. Бул тууралуу Казакстандын Эмгек министрлигинин эмгек жана социалдык өнүгүү комитети билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер органдары жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында компаниянын жооптуу кызматкерлерине карата “Курулуш иштерин жүргүзүү учурунда этиятсыздыктан эки же андан көп кишинин өлүмүнө алып келген коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

– Ушул тапта беш киши тергөөгө алынууда, сот жараны башталды. Башкача айтканда алар соттолушу мүмкүн, – деди комитеттин төрагасы Толеген Оспанкулов.

Оспанкуловдун айтымында, «АрселорМиттал Темиртау» компаниясындагы кырсыкка имараттын техникалык абалынын начардыгы, иш орундарын уюштуруудагы алешемдиктер себеп болгон. Ал иш берүүчү жумушчуларга коопсуз шарт түзүшү керектигин, жетекчиликтен жоопкерчилик алынбай турганын айтты.

Шектүүлөрдүн адвокаттары сот башталганы тууралуу маалыматты четке кагып, азырынча тергөө жүрүп жатканын гана билдиришти.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17