Аймак

ТАШ КЕНИ МЫЙЗАМСЫЗ КАЗЫЛГАН

ТАШ КЕНИ МЫЙЗАМСЫЗ КАЗЫЛГАН

 8,907 Бардыгы /

          ОШ. Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы пландуу текшерилди.

          Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш  тилкесинде 0,20 гектар жер аянты бей-жай казылып, жалпы көлөмү 2600 куб метр таш кени мыйзамсыз казылган. Бул мыйзамсыз кыркылган таштардын кесепетинен мамлекетке 13 миллион сом зыян дагы келтирилген.

          Аталган фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 218-беренесине ылайык (“Мыйзамсыз ишкерлик”) кылмыш иши козголуп, тергөө абдан кызыды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17