Аймак

АЛМАТЫДА БАШКЫ ПРОКУРОРДУН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

АЛМАТЫДА БАШКЫ ПРОКУРОРДУН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

 1,146 Бардыгы /

23-январда активисттер тобу Алматы прокуратурасына петиция менен келип, башкы прокурор Берик Асыловдун отставкасын талап кылышты.

“Өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзгөн органдын башчысы мугалим Калас Нурпеисов менен журналист Айгерим Тлеужанды “диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү” дегенин баарыбыз уктук. Соту боло электе, өкүмү чыга электе, мажилисте ушундай сөз айтканы бизди нааразы кылууда. Прокурор муну менен мыйзамды бузду, биз анын отставкасын талап кылабыз”, – деди прокуратуранын алдына барган журналист Думан Мухаммедкерим.

Онлайн-петиция 20-январда жарыяланган. Ушул күнгө карата ага 130 миңден ашуун киши кол койду.

Чогулгандан бир сааттан кийин тарап кетишти. Алар петицияны президенттин администрациясына электрондук даттануу иретинде жөнөтөрүн айтышты. Башкы прокурор Берик Асылов петиция боюнча пикирин билдире элек.

Айгерим Тлеужан менен мурдагы тарых мугалими Калас Нурпеисов 2022-жылы болгон Январь окуясында Алматы аэропортун басып алуу иши боюнча шектелүүдө. Экөө тең айыптоолорду четке каккан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17