Аймак

АЖЫЛЫК САПАРГА КАТТОО БАШТАЛДЫ БАШТАЛДЫ

АЖЫЛЫК САПАРГА КАТТОО БАШТАЛДЫ БАШТАЛДЫ

 11,832 Бардыгы /

          БИШКЕК. Быйылкы ажылык сапарына каттоо үстүбүздөгү жылдын 24-январынан тартып башталды. Бул туурасында маалымат жыйынында Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев билдирди. Анын айтымында, каттоо ушул жылдын 14-февралына дейре жүргүзүлөт.

  • Каттоо убактысы белгиленген аралыкта 2019-2022-жылдардан тарта

электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын “РСК Банкынын” иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга сөзсүз тапшыруусу кажет! – деп кошумчалады Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев.

          Абибилла Кадырбердиев баса билдиргендей, жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде үстүбүздөгү жылдын 20-февралынан 6-мартына чейин гана жүргүзүлөт.

  • Талапкерлер 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй

туруп каттала алышпайт. Эгерде катталуучулардын саны 7 миңге жетсе каттоо дароо жабылат. Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда гана жүргүзүлөт, – деди Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев. –  2019-2022-жылы каттоодон өтүп, бирок, ажылыкка бара албай калышкандар кайрадан каттоодогу 1000 сомдук каражатты төлөшпөйт.

          Ал эми Муфтияттан 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң АКШ долларын төлөй албай калышса, ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарыла тургандыгын абдан катуу эскертишти.

          Эскерте кетчү жагдай: Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота ажыратты. Ал эми 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 313 жаран кезекте турушат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17