Аймак

Нурсултан КАЛМАТОВ: “ТУРАК ЖАЙ ЖАНА ТАЗА СУУ ДАГЫЛЕ КЕНДИРИБИЗДИ КЕСИП КЕЛАТАТ”

Нурсултан КАЛМАТОВ: “ТУРАК ЖАЙ ЖАНА ТАЗА СУУ ДАГЫЛЕ КЕНДИРИБИЗДИ КЕСИП КЕЛАТАТ”

 3,258 Бардыгы /

Нурсултан КАЛМАТОВ – Кыргыз республикасындагы эң жаш жетекчилердин бири. Анткени, 29 жашында Ош облусунун Кара-Суу районундагы бараандуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүн ийгиликтүү гана башкарып жаткан чагы. А түгүл аймакка Дүйнөлүк донорлорду дагы байма-бай тартып, элет жеринде таза суу маселесин оң жагына биржаңсыл чечип, мындан тышкары жердештерин туруктуу жумуш менен дагы чекесинен камсыз этип келатат.

  • Нурсултан мырза, Сиз Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн

тургундарына жат киши эмессиз да. Туурабы?

  • Ооба. Анткени, мен ушул аймакта туулуп-өскөмүн. Ошондуктан,

Отуз-Адыр өрөөнүн дээрлик коен-жатагына чейин билемин десем эч жаңылышпаймын.

  • Ал эми жогорку билимди Сиз өзү кайсыл окуу жайынан

алгансыз?

  • Орусия мамлекеттик социалдык университетинин Оштогу

 филиалынын (ОМРСУнун) юриспруденция адистигин бүтүргөмүн.

  • Эмне, кесибиңиз боюнча таптакыр иштебедиңизби?
  • Жо-жок! Бирок, жогорку билимимдин мага куп эле пайдасы

тийди. Дагыле тийип жаткан чагы.  

  • Кантип?
  • Адегенде Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттыгына

шайланып, элет жеринде мыйзам актылары менен үзгүлтүксүз иштештим. Андан ары мени Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагалыгына дагы шайлашты. Ал эми 2021-жылдын ноябрынан бери Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы милдетин абийирдүү гана аркалап келатамын. Ушулардын баарында тең менин юридикалык билимидин жана жөндөмүмдүн аркасы менен менеджерлик (башкаруучулук) сапатым дээрлик бышып-жетилди.

  • Менимче, бюджетиңиздер деле жаман эместир?
  • Жылдык бюджетибиз 29 миллион сом. Булардын басымдуулугун

социалдык тармактарга гана сарптайбыз. Маселен, биз Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө билдим берүүдөн, турмуш-шарты кыйынчылыкка кабылгандардан жана дагы бала бакчалардан каражатыбызды эч качан аябайбыз!

  • Айтмакчы, ушул тапта кайсыл көйгөйлүү маселелер Сиздин

башыңызды куп гана оорутуп жаткан чагы?

  • Жашырып не. Элетте турак жай жана дагы таза суу маселеси

дагыле кендирибизди куп гана кесип келатат.

  • Эмне, буларды чечүүнүн жолу жок бекен?
  • Жо-жок! Албетте, жолу бар! Ушул тапта Бүткүл Дүйнөлүк Банк

менен иийиндеше иштешип жатабыз. Булар долбоорлорубузду кубаттап, мындайча айтканда, айыл өкмөтүбүзгө 305 миллион сом каралашууну ылайык табышты.

          Ошентип, адепки старт деле берилди. Эми бир жыл аралыгында Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу бардык кыштактарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо дагы жолго коюлат. Мындан тышкары 15 гектар жер аянты трансформацияланып, пайдаланууга дагы тапшырылат. Ошентип, бул аянтка турак жайлар – көп кабаттуу үйлөр катарынан курулат. Демек, батир маселеси эми жергебизде дал ушинтип опоңой гана чечилет.

  • Айтмакчы, Сиздердин – айыл өкмөтүнүн киреше

булагыңыздар жалпы жонунан эмнелерден куралып жатат?

  • Жарандарыбыздан жер салыгы ай сайын чогултулат. Айыл

өкмөтүбүздүн аймагында он чакты кыш заводу туруктуу иштеп жаткан чагы. А түгүл тигүү цехибиз дагы бар.  Ал эми башка ишканаларыбыз пескоблок жана нават дагы өндүрүшөт.

  • Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Кызыл-Суу

кыштагында дагыле ичилүүчү таза суу, анан дагы мектеп жана бала бакча кендириңиздерди куп гана кесип жатыптыр. Андыктан, аталган жаңы конушту жогоруда саналган проблемалардан деги качан арылтасыздар?

  • Жаңы-Кызыл-Суу жаңы конушунун көйгөйлөрү биздин дагы

көңүлүбүздүн так борборунда. 253 орундуу Мамасалы Тешебаев атындагы мектебибиздин жаңы курулушунун дээрлик 90 пайызы бүтүп калды. Буюрса, агартуу мекемесин быйылкы январь айынын этегинде толук кандуу пайдаланууга тапшырылат. Андан ары күн тартибинде бала бакча калды. Мындан тышкары таза суу маселеси дагы жакын арада сөзсүз оң жагына жайгарылмакчы.

  • Нурсултан мырза, дегеле Отуз-Адыр  өрөөнүнүн болочогун

Сиз кандайча элестетесиз?

  • Көрбөдүңүзбү? Биздин Айыл Өкмөтүбүз тогуз жолдун тоомунда 

 – Кара-Суу  району менен Ош шаары тогошкон тилкеде, эң ыңгайлуу чөлкөмдө жайланышкан. А түгүл тээ Союз мезгилинде (улуу исперия СССРдин тушунда) Отуз-Адыр ПГТ (шаар тибиндеги поселок) эле. Эгерде дагы катуу аракет жасасак, бара-бара биздин Айыл Өкмөтүбүз кайрадан ажайып жана өнүккөн шаарчага айланаары ажеп эмес!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17