Аймак

“ЖАЛАЛ-АБАД ТАЗАЛЫК” МЕКЕМЕСИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕДИ

“ЖАЛАЛ-АБАД ТАЗАЛЫК” МЕКЕМЕСИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕДИ

 981 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 17-март күнү “Жалал-Абад Тазалык” мекемесинин кызматкерлери кесиптик майрамын белгиледи.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

иш-чарага  Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, Ардак грамота жана ыраазычылык баракчаларын тапшырышты. “Жалал-Абад Тазалык” мекемесинде 128 жумушчу эмгектенет.

Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17