Аймак

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН ИШИ БУУДА РАСМИЙ КАТТООГО АЛЫНДЫ

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН ИШИ БУУДА РАСМИЙ КАТТООГО АЛЫНДЫ

 1,152 Бардыгы /

 «Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча кыргызстандык укук коргоочулардын кайрылуусу расмий каттоого алынды.

Ишти Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине жиберген «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул комитеттин эксперттери кайрылууну кароого кабыл алышты дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу маалымат укук коргоочуларга 26-февралда берилген.

«Адилет» укуктук клиникасы Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо өтүнүчү менен БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине былтыр июнда кайрылган.

Мурдараак «Адилет» клиникасы «Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчүн Жогорку cотко жиберген. Клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупованын түшүндүргөндөй, өтүнүч жаңы жагдайга – Кылмыш-процессуалдык кодекстин ишке киргенине байланыштуу берилди.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана экс-депутаты Өмүрбек Текебаев 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17