Аймак

ЖАШТАР АРАСЫНДА ТАМАШОУ БОЛУП ӨТТҮ

ЖАШТАР АРАСЫНДА ТАМАШОУ БОЛУП ӨТТҮ

 2,557 Бардыгы /

Кочкор-Ата шаарында алгачкы жолу жаштар арасында Тамашоу оюну өткөрүлдү. Анда жаштар соцалдык көйгөйлөрдү тамаша аркылуу чагылдырып беришти. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Мыйзамбек Ахмадалиев билдирди.

«Кочкор-Атада биринчи жолу жаштар арасында Тамашоу оюну уюштурулду. Бул иш чараны уюштуруунун негизги максаты жаштарды ынтымакка, биримдикке чакыруу жана талантуу балдарды эл алдына алып чыгуу болду. Оюнчулардын тамашаларынын басымдуу бөлүгү коомубуздагы, шаардагы көйгөйлөрдү тамаша аркылуу чагылдырып беришти. Аны көргөн шаар бийлиги жана тургундар туура түшүнүп, көйгөйлөрдү туура жакка чечишет деген ойдомун», – дейт М. Ахмадалиев.

Жалпысынан оюнда шаар аймагындагы кесиптик окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучуларынан куралган алты команда күч сынашты.

Оюндун соңунда  мыкты оюнчулар, мыкты командалар  Кочкор-Ата шаардык мэриясынын ардак громаталарына ээ болуп, баалуу белектер менен сыйланышты.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17