Аймак

Ж.НЫШАНБАЕВА: “БӨТӨН ЖЕРДЕ БОЛСОК ДА ӨЛКӨБҮЗГӨ ЖАРДАМЫБЫЗ ТИЙСЕ ЭКЕН”

Ж.НЫШАНБАЕВА: “БӨТӨН ЖЕРДЕ БОЛСОК ДА ӨЛКӨБҮЗГӨ ЖАРДАМЫБЫЗ ТИЙСЕ ЭКЕН”

 4,917 Бардыгы /

Жалал-Абаддын бир кызы – Москвада

Редакциябыз чет өлкөдө иштеп же окуп жаткан жалал-абаддык улан-кыздарыбызды башкаларга мотивация болсун деп ай сайын чыгарып келери маалым. Биздин кезектеги каарманыбыз Сузак районунун Октябрь айылында жарык дүйнөгө келген. Карапайым үй-бүлөнүн эң кенже кызы. 6 бир тууган, эки агасы, үч эжеси бар. Учурда Москва шаарында жашап, дарыканалардын биринде директордун орун басары болуп иштейт. Ошондой эле Москвадагы медицина жана кайрымдуулук фонд боюнча Жалал-Абад областтык айымдар кеңешинин лидери. Бул кызматка келгенге чейин далай кыйынчылыкты башынан кечиргенин айтып берди. Мындан сырткары коомдук иштерге да активдүү катышып келет.

 

БЛИЦ ИНФО:

Аты-жөнү: Нышанбаева Жамила Артыкбаевна

Туулган күнү, айы, жылы: 21.01.1981-ж.

Туулган жери: Сузак району, Октябрь айылы

Үй-бүлөлүк абалы: бир кыздын энеси

Жакшы көргөн тамагы: оромо, чүчбара

Жашоодогу урааны: “Өткөнгө кайрылба. Өткөндөн сабак ал!”

Жашоодогу идеал туткан инсаны: Таттыбүбү Турсунбаева

 

МОСКВАДАГЫ АЛГАЧКЫ ЖЫЛДАР…

– 2006-жылдын күз айында Россияга келгем. Алгач тоок фабрикасында, ар кандай жумуштарда — пол жууп, кемпир карап иштедим. Көптөгөн кыйынчылыктар өттү. Бирок эч кимге айтпай ичиме жутуп, көп ыйлаган күндөрүм болду. Азыр ошол күндөрдү эстесем, кантип жашадым экен деп коркуп кетем. Эмнегедир көкүрөгүм ачка болуп, бир нерсе жетпегендей боло берчү. Эртең менен эрте жумушка кетип, кеч келчүмүн. Жумуш оор, буттан сыз өтчү. Суукка тоңуп, чыйрыгып, дене табым көтөрүлүп, оорусам да ишке чыкчумун. Анткени алдыга койгон максаттарыма жетишим керек эле…

Өзүмдүн турак үйүм болсо экен деп акчамды коротпой, бир тыйындан бери чогултчумун. Акчамдын жарымын ата-энеме салат элем. Анткени ата-энемдин батасын алсам, жаратканым мага эки эсе ырыскы берет дечүмүн. “Ата-эне ыраазы, Алла ыраазы” – деп коюшат эмеспи.

КЫРГЫЗДАРГА АЛДАНЫП…

Москвада жүрүп көп кыйынчылык көрдүм.  Жарандык паспорт албасам болбойт деп калдым. Бирөөлөр менен паспорт алуу үчүн сүйлөшүп документтеримди, акчамды бердим. Өзүбүздүн эле кыргыз туугандарыбыз болчу. Бирок алар ошону менен жоголуп кетишти. Акчадан же документтен дайын жок. Бир жыл бою аларды издеп жүрдүм. Ал учурда кемпир багып жаткам. Ошентип чуркап жүрүп араң дегенде жарандык паспортко жеткем.

ӨЗ УУЛ-КЕЛИНИНЕН КОРДУК КӨРГӨН КЕМПИР

Кемпирдин үйүндө жагымдуу атмосфера болгон жок. Аны менен кошо мен дагы азапка түшүп калгандай болдум. Ал 86 жашта эле. Өзүнүн баласы менен келининин кордугун көрдү. Мага болсо «Апама тамак бербе. Убагында бул аял бизге кордук көрсөткөн» деп көп эскертишчү. Кемпир ооруганы менен баарын билип, сезип турчу. «Жанна, тебе огромное спасибо за то, что ты продлеваешь мою жизнь» деп айтар эле. Мен уул-келининен бекинип тамак берип, суудан ичирип койчумун. Көбүнчө алар уктап калган кезде берчүмүн.

Байкушка тамакты бекинип жасап берип, өзүмдүн да тамакка болгон табитим качты. Уйку жок, табитим жок, 15 күндүн ичинде 6 кг арыктап кетипмин. Бир күнү уул-келини жокто кемпирди жуунтуп, тырмактарын алып койсом, мага ыраазы болуп колумдан өөп койду. Анан эле уул-келини келип кемпирди соккулап киришти. «Сен кайда жасанып жатасың? Сен өлсөң, тынч отурат элек» дешти. Мага болсо «эгер дагы ушундай мамиле кыла турган болсоң, айлыгыңды кыскартабыз» деп эскертишти.

ҮЙДӨ ЫЙЛАГАН ЖАН ЖОК

Таң атты. Туруп бети-колумду жууп жатканда кемпир «Жанна» деп кыйкырды. Барсам эле бири уруп, экинчиси урушуп жатыптыр. Мен шок абалда туруп калдым. Кетип калгым келди, бирок кемпирди мындай абалга таштап кете албадым. Кемпир да бул кордукка чыдабады. Мен ага буламык жасап жаткам, ал терезенин түбүнө отурган.  Бөлмөсүнө кирип эле таппай калдым. Бардык жерди издедим. Терезени карасам эле кемпир жерде жанчылып жатат. 9-кабаттан өзүн таштап жибериптир. Уул-келини келип, мени сооротуп киришти. Алар тергөөчүлөргө «түнү менен уйку берчү эмес. Психикалык жактан ооручу деп айт» дешти. Аркы бөлмөдө батир маселесин чечишип жатышты. Ал эми кемпирди жоктоп, үйдө ыйлаган жан жок. Милиция кызматкерлери келгенде алардын айтканын жасадым. Андан башка аргам бар беле? Балким мен жаштык кылдым, балким корктум. Азыр болгондо баарын ачык айтып берсем керек эле.

КЫЙНАЛДЫМ, БИРОК ЧЫЙРАЛДЫМ

Учурда Москва шаарында жашайм. Кыйынчылыктарды жеңип чыктым. Кыйналдым, бирок чыйралдым. Азыр жумуштан сырткары коомдук иш-чараларга да катышып келем. Мисалы, Москвада Жалал-Абад областтык айымдар кеңешинин түзүлгөнүнө 2 жарым айдын жүзү болду. Бул аралыкта үч иш-чара өткөрдүм. Азыркы күндө аялзатынын коомдо орду чоң, өзүңүздөргө маалым сырткы миграциянын да дээрлик 60%ын аялдар түзөт. Чет жерде жүргөн аялдардын социалдык проблемалары көп болот эмеспи, көпчүлүк кыз-келиндерибиз моралдык колдоого муктаж. Буга чейин аларга ар кимибиз жекече жардам көрсөтүп келсек, эми чогуу биргеликте жардам көрсөтөлү деп ушул айымдар кеңешинин алкагында биригип олтурабыз. Кайрымдуулук фонд ачып, биздин оорукчан, томолой жетим калган балдарга жардам берип турсак дейм. Бөтөн жерде болсок да Кыргызстанга жардамыбыз тийсе экен деп тилек кылам.

БӨТӨН ЭЛДЕ ЖҮРҮП АТА-ЭНЕМДИ КӨП ОЙЛОНЧУМУН

Ал эми дарыканада 2012-жылдан бери иштеп келе жатам, оор күндөр да, жакшы күндөр да болгон. Ата-энемдин батасы менен берген тарбия таалими, мээримдүүлүгү, боорукердүүлүгү менен барга көппөй, жокко чөкпөй келүүдөмүн. Бул үчүн ата-энеме, жараткан Аллахыма чексиз шүгүрлөр болсун.

Дарыканада иштөө оңой деп айта албайм, жоопкерчиликтүү жумуш. Комиссия бат-баттан келип, текшерип турат. Алгач иштеп жатканда чекеден баары документтеримди сурап окугансыңбы, кандай билимиң бар деп сынап, ар түрдүү оор суроолорду берип, эптеп мен жооп бере албай иштебей калышымды каалашар эле. Мен болгон күчүмдү жумшап, сыртымдан күлүп, ичимден ыйлап алчумун. Бул берген жашоодо жакшы гана нерселерди калтырып кетүү менин принцибим. Бөтөн элде жүрүп жеген наным аш болбой, ата-энем деп ойлончумун. Ичип жаткан тамагымды бөлүшкүм келет эле, бирок жакындарым алыста болгонуна арданып ыйлачумун.

ДЕН СООЛУКТУ АКЫРКЫ ОРУНГА КОЁБУЗ

Дарыканага ооруп келген кыргыздар көп эле учурайт. Биз жылуу климатта чоңойгонбуз, ошол себептен нымдуулук болгон аба ырайын өзүбүз билбесек да организм деген көтөрө албай бат-баттан ооруйбуз. Күн көрүп чоңойгон кыргыз, Москванын суугуна ар кандай себептен ооруп калат. Биз ден соолук дегенди эң акыркы орунга коёт экенбиз. Ал эми орустар мышыгына 15 миң рубль дары алса, таң калган элем. Биз баш ооруса цитрамонду, температура болсок парацетамолду ичип гана тим болобуз.

Себеби бардык нерсе акчага келип такалат. Элибиз Москвадан барган 80% каражат менен жашап жатат десем да болот.  Мамлекет тарабынан элге болгон жардам такыр билинбей келет.

ӨЗҮМДҮ КАПА КЫЛЫП, ӨЗГӨНҮ СҮЙҮНТЧҮМҮН

Мен Москвага келген күндөн тарта кыйынчылык көргөн адам катары мекенимден келген инсандарга өзүмдө жок болсо да, өзүмдү капа кылып, өзгөнү сүйчүмүн. Ошол адамдын ордуна өзүмдү коюп көрүп, мамиле жасачумун. Бирөөгө жалган, өзүмө чын, ар кандай болуп көрбөгөн нерселерге өзүмдү сынап жакшы да, жаман да көрүнүштөргө кабылганмын. Ушул күнгө чейин тапкан каражатымдын 20%ын балдар ооруканасына, жетим балдарга берип, аз да болсо салым кошуп келе жатам. Бул нерселерди айтпай кылчумун, эми жаштарга сабак болсун деп айтканга туура келип жатат. Биз бирөөгө жакшылык кылуу үчүн, жардам берүү үчүн, тагыраагы сыналуу үчүн жаралганбыз деп билем.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17