Аймак

ТООЛУУ ӨЛКӨЛӨРДҮН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ

ТООЛУУ ӨЛКӨЛӨРДҮН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ

 729 Бардыгы /

НЬЮ-ЙОРК. БУУнун штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен уюшулган Тоолуу Өлкөлөрдүн  ДосторТобунун Министрлеринин деңгээлиндеги биринчи жыйын өткөрүлдү.

Тоолуу Өлкөлөрдүн Достор Тобунун жана бул иш-чаранын негизги максатыТуруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууда жана морт тоо эко системаларын сактоо жана коргоо менен байланышкан проблемаларды чечүүдө тоолуу өлкөлөргө жардамдашуу маселелери боюнча диалогду түзүүгө жана кызматташууга гана үзгүлтүксүз көмөктөшүү болуп саналат.
Иш-чарага Андорра Княздыгынын Тышкы иштер министри Мария Убах Фонт, Армениянын Тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян, Непалдын курчап турган чөйрө жана токойлор иштери боюнча министри Шакти Бахадур Баснет, Бутандын Курчап турган чөйрө маселелери боюнча Улуттук Комиссиясынын катчысы Сонам Вангди, Лихтенштейндин Эл аралык мамилелер боюнча департаментинин директору Мартин Фрик, БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Администраторунун орун басары, КМШ жана Европа боюнча Аймактык директору Миранна Сполярич-Эггер катышышты.

Ошондой эле иш-чарага ТүркиянынТышкы иштер министринин орун басары Фарук Каймакчы, АвстриянынТышкы иштеринин вице-министри Дезире Швейцер, Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык мамилелер боюнча департаментинин башчысы Зураб Беридзе жана Канаданын Тышкы иштер министринин орун басарынын жардамчысы Майкл Грант катышышты. Иш-чаранын катышуучулары андан ары Кыргыз тарабына Тоолуу Өлкөлөрдүн Достор тобун түзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди жана туруктуу Тоо өнүктүрүү принциптерин илгерилетүүдө Кыргызстандын лидерлигин баса белгилешти. Ошондой эле өз сөздөрүндө бул иш-чаранын катышуучулары тоо экосистемаларын коргоо жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу жаатында жүргүзүлүп жаткан Улуттук саясаттар жөнүндө дагы маалымат беришти. Ушуну менен бирге өлкөлөрдүн дагы, Эл аралык уюмдардын ортосунда дагы мындан ары кызматташууну улантуунун абдан маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков курчап турганчөйрөнү, атап айтканда морт экосистемаларды коргоого багытталган саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн ишинин негизги багыттарын, ошондой эле 2018-2040-жылдарга бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү Улуттук стратегиясынын жана ошол сыяктуу документтердин алкагында өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүн илгерилетүүнү кеңири баян этти. Кыргыз министри тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн өтө актуалдуу маселелери боюнча Эл аралык кызматташтыкты илгерилетүүгө жана туруктуу диалогго Кыргыз Республикасынын кошкон салымына дагы өзгөчө токтолду.Тактап айтканда, ал Кыргызстандын 11-декабрды жыл сайын Тоолордун эл аралык күнү деп жарыялоо демилгесин жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Туруктуу тоо өнүктүрүү» Резолюциясын илгерилетүүдө  жигердүү катышуусу тууралуу дагы кошумчалады.

Ошондой эле министр Чыңгыз Айдарбеков тарабынан глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлдерде Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруунун жана туруктуу тоо өнүктүрүү маселелерин илгерилетүүнүн алкагында БУУнун тоолуу мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү  ишине салым катары, Тоолуу өлкөлөрдүн Достор тобун түзүүнүн абдан маанилүүлүгүн  баса белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча иш-чаранын катышуучулары диалогду мындан дагы илгерилетүүгө, ДосторТобунун мүчө-өлкөлөрүнүн, ошондой эле БУУнун институттары жана эл аралык уюмдардын ортосундагы туруктуу тоо өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташтууга даяр экендигин дагы ачыкташты.

МААЛЫМАТ үЧүН: Тоолуу Өлкөлөрдүн Достор Тобу Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча 2019-жылдын 29-августунда түптөлгөн. Бүгүнкү күндөгү абал боюнча 20 мамлекет ДосторТобунун активдүү мүчөлөрү болуп саналышат: булар – Кыргызстан, Ооганстан, Андорра, Австрия, Албания, Армения, Азербайжан, Бангладеш, Бутан, Боливия, Канада, Грузия, Греция, Ливан, Лихтенштейн, Непал, Швейцария, Тажикстан,Түркия.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17