Аймак

АКШ ЖӨӨТ КЫШТАКТАРЫ БОЮНЧА ПОЗИЦИЯСЫН ӨЗГӨРТТҮ

АКШ ЖӨӨТ КЫШТАКТАРЫ БОЮНЧА ПОЗИЦИЯСЫН ӨЗГӨРТТҮ

 774 Бардыгы /

Вашингтон Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жөөт кыштактары боюнча позициясын өзгөрттү. Бул тууралуу 18-ноябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.

Анын айтымында, аталган аймактагы кыштактар учурда эл аралык укукту бузган жок жана анан макамы Израиль менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгында аныкталышы керек.

Вашингтондун бул чечими мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы карманып келген позицияга каршы келет. 2016-жылы АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтон Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги кыштактарды мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирген.

Израиль Вашингтондун бул чечимин кубаттап, «тарыхый ката» оңдолгонун белгиледи.

Өз кезегинде Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббастын өкүлү АКШнын бул чечими «эл аралык укукка каршы келерин» айтты. Европа биримдиги аталган аймакта кыштактардын курулушуна каршы экенин, мындан кийин да каршы болорун билдирди.

Израиль Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги аймакты 1967-жылдагы алты күндүк согуштан кийин ээлеп алган. Андан бери 140 жөөт кыштагы курулуп, калкынын саны 600 миңге жетти. БУУ, Европа биримдиги, Орусия сыяктуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Израилдин бул аракеттерин мыйзамсыз деп эсептеп келишет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17