Аймак

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ОРНОТУЛУП БАШТАЛДЫ

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ОРНОТУЛУП БАШТАЛДЫ

 1,459 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Эркиндик” аянтында Жаңы жылдык балаты орнотулуп жатат.

Быйылкы жылы Ленин көчөсү ЖКККБ бөлүмүнө чейин, Пушкин көчөсү областтык ооруканага чейин жасалгаланат.

Коммуналдык чарба департаментинин башкы инженери Каныбек Исаков өз сөзүндө: “Былтыркы балатыга караганда быйыл жаңы жылдык балаты 3 метрге бийик болот. Ал кыргыз оймо чиймелери менен кооздолуп жасалат. Жаңы жылдык жасалгалоо үчүн шаардык бюджеттен 1 млн 500 миң сом бөлүнгөн. Андыктан быйыл көчөлөргө да өзгөчө көңүл бурулуп,  кооздолот”,- дейт

Анын айтымында планга жараша балатынын айланасын жана ар түркүн кооз жаныбарлар жасала тургандыгын белгилеп өттү. Жаңы жылдык балатыны 15-декабрь күнү жандыруу пландалууда.

Кошумчалай кетсек, былтыркы жылы да жаңы жылдык балатыга бюджеттен 1 млн 500 миң акча бөлүнгөн. ОсОО “Турар Дизайн” фирмасы тендерден 1 млн 370 миң утуп алып, балатынын бийиктиги 25 метрди түзгөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17