Аймак

ӨЗБЕКСТАН ТҮРКМӨНСТАН ЖЕТКИРГЕН ЭЛЕКТР КУБАТЫН ТЕЙЛЕП ҮЛГҮРБӨЙ ЖАТАТ

ӨЗБЕКСТАН ТҮРКМӨНСТАН ЖЕТКИРГЕН ЭЛЕКТР КУБАТЫН ТЕЙЛЕП ҮЛГҮРБӨЙ ЖАТАТ

 797 Бардыгы /

Түркмөнстан Өзбекстанга электр кубатын экспорттой баштады. Өзбекстандын улуттук энергетикалык компаниясы билдиргендей, «Түркмөнэнерго» менен түзүлгөн келишимге ылайык, 1-декабрда саатына 14,9 миллион кВт, 2-декабрда саатына 15,4 миллиона кВт электр кубаты жеткирилген.

3-декабрда Өзбекстандын улуттук энергетикалык компаниясы аймактагы көмөк чордондор Түркмөнстандан келип жаткан электр кубатын тейлөөгө жетишпей жатканын маалымдады.

Натыйжада электр өткөрүү линиялары ысып кетип, 3-декабрда Самарканд облусунун бир катар райондорунда 4 саат бою электр кубаты өчүрүлгөн. Ремонт иштери жүргүзүлгөн.

«Узбекистон миллий электр тармоклари» компаниясы менен «Түркмөнэнерго» корпорациясы 2019-2020-жылдары электр кубатын импорттоо тууралуу келишимге ноябрдын аягында кол коюшкан.

Түркмөнстан өкмөтү электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү планын жарыялаганы менен кышында бул өлкөнүн өзүндө жарык маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап турат.

Түркмөнстан электр кубатын негизинен коңшулаш Ооганстанга жөнөтөт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17