Аймак

МАДАНИЯТ ТЕХНИКУМДУН АБАЛЫНА КИМ КӨҢҮЛ БУРАТ?

МАДАНИЯТ ТЕХНИКУМДУН АБАЛЫНА КИМ КӨҢҮЛ БУРАТ?

 2,782 Бардыгы /

Жалал-Абад маданият техникумуна 2020-жылы 40 жыл болот. Өнөр инсандарын даярдап келе жаткан техникумдун имаратында оңдоп-түзөөлөр болуп жатканын байкоодобуз. Бирок ал менен эле чектелбей, чечилбеген көйгөйлөрү да көз жаздымда калууда. Аларды чечүүдө кандай аракеттер көрүлүп жатат? Техникумдун материалдык-техникалык абалы кандай? Студенттер үчүн ыңгайлуулук жаралуудабы ушул жана башка суроолордун алкагында техникумдун жашоосу менен таанышып кайттык.

Эмил БАЛТАГУЛОВ, Жалал-Абад маданият техникумдун жетекчиси:

“МИНИСТРЛИКТЕН БАШКА ИМАРАТ КУРУП БЕРҮҮ БОЮНЧА КАЙРЫЛГАНБЫЗ”

-Жалал-Абад маданият техникум бюджеттик окуу жай, мында студенттер контракт төлөбөйт, аларга стипендия каралган. Жатаканасы батирлерге салыштырмалуу арзан, ыңгайлуу, болгону бир аз оңдош керек. Ага каражат бөлүнсө, буйруса дагы жакшы жашоо шарт түзөбүз. Ал эми жакшы жактары Жалал-Абад өрөөнүндөгүлөр алыска барбай ушул техникумдан билим алса болот. Бизге Баткенден, Оштон, Алай, Кара-Кулжа, бул жагы Чаткал, Токтогулдан бери келип балдар-кыздар окушат. Техникум үч областты камтып турат, себеби түштүк боюнча бир гана ушул маданият техникуму бар.

Эми имаратыбыз боюнча айтсам, эшик-терезелерин алмаштырып, заманбап алюмин профилине жаңыладык. Буга 400 миңге тендер берилип, 367 миңге утуп алышты. Мугалимдер жыргап калышты, суук кирбей, мурдагыдай клёнка какпай калдык дешет. Капиталдык оңдоп-түзөөгө азырынча каражат бөлүшө элек. Бирок азыр колдон келишинче оңдоп-түзөп жатабыз, толук бүтө элек. Азырынча бул эки кабаттуу имаратабызда жылытуу системасын жолго коюп алдык. Буга акча каралган эмес, өзүбүз мугалимдер акча чогулта коюп оңдоттук. Ушинтип өзүбүздү өзүбүз алдыга жылдырбасак болбойт.

Арттагы окуу класстары аябай эле сыз, муздак көпкө олтура албайсың. Күн тийбегени үчүн шыбактары жылда шыбалат, жылда түшүп кала берет. Китепканабыздын абалы өтө начар. Анын терезесин ачып койсок китептин баары чаң болуп кетет. Терезелерди жаап салсак аба кирбей көгөрүп, китептер кор болууда. Ошондуктан биз министрликке башка имарат куруп берүү боюнча кайрылганбыз. Анын ичинде жаңы класстар, концерттик зал, китепканасы менен болсо жакшы болор эле. Бул боюнча жергиликтүү бийликке кайрылганбыз. Мэрге кирип чыктык, губернаторду чакырып көргөздүк. Жогорку кеңештин депутаты Айнура Осмонова да абал менен таанышып, сессияда бул маселени көтөрдү. Буйруса ишке ашып калса, бул жерге эки кабаттуу же үч кабаттуу чоң имарат керек.

Азыр ушул имаратты куруунун үстүнөн иштеп жатабыз, архитектурага көп документтер керек экен. Азыркы учурда архитектуралык пландоо шарттары бүтүп, инженериялык шарттар бүтөйүн деп калды. Андан кийин эле смета менен долбоор турат, ал дагы өзүнчө чоң акча экен, ошондуктан токтоп калдык. Өкмөттөн каржыланып же республикалык бюджеттен акча бөлүнүп калса деп үмүт менен күтүп жатабыз.

Быйылкы жылы 56 студентти кабыл алдык. 11-кластты бүтүп келгендер 2 жыл, 9-кластты бүткөндөр 3 жыл окуйт, жалпысынан 3 курс бар. Баарын кошкондо 140ка жакын студенттер билим алууда. Биз лимиттен ашык ала албайбыз. Билим берүү жана илим министирлиги менен студенттердин санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүп жатабыз. Алар уруксат берип, лицензияны жаңылап берсе дагы да көбүрөөк студенттерди кабыл алабыз.

Акбар ОМОРОВ, мугалим:

“МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАДАН КӨП АКСАЙБЫЗ”

-Кыргыздын нукура музыкасынын жолун таппай аралашып кеткендейбиз. Музыкалык аспаптарды жаңылап, бардыгын ордуна коюп, мамлекет көңүл буруп койсо болмок. Мен демөөрчүмүн деп имараттарды салып жаткандарга таң калам. Башка нерселерге демөөрчүлөр чыгат дагы маданият чөйрөсүнө демөөрчүлөр жок болуп калат. Өкмөттүн казанында жок болсо же жергиликтүү бийликтин казанында каражат жок болсо, анан кантип оңолобуз? Анда маданият тууралуу сөз айтканы болбойт туурабы? Бул келечекте керектүү билимди жаш муундарга үйрөтүп кетишибиз керек. Бардык окуу жайда өзүнө ылайык көйгөйлөрү бар. Бирок биз материалдык-техникалык базадан көп аксайбыз. Фортопианинону 20 жыл мурун эсептен чыгарыш керек эле. Мындан башка жоктугунан дагы деле ойноп келе жатабыз. Биз үчүн бул аспаптар күнүгө жаңы. Техникум атайын ырчыларды эмес, музыка мугалимдерин, клуб жетекчилерин даярдайт.

Токторалы ШЕРЕМБЕТОВ, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары:

“БИЗ ЖАРДАМГА ӨТӨ МУКТАЖБЫЗ”

-Бул  имарат 1936-жылы курулуп, 1980-жылы техникум деп негизделген. Мен ошондон бери ушул жерде иштеп келем. Бир жолу капиталдык оңдоо жүргөн, калганы бүт косметикалык оңдоп-түзөө менен келе жатабыз. Чатыры 80-жылдан бери эки жолу гана алмаштырылды.  Андан бери техникумга жардам берилип, бир да чоң капитал салынган жок. Эки жыл болду маданият министрлигине карап калдык, ага чейин мэрияга карайт элек. Быйыл маданият министрлиги акча бөлдү эле кичине оңдоп-түзөөлөр жүрүп калды. Бирок бул деле аз, комфорт болуп калды, бардык шарт түзүлдү дегенге жатпайт. Биз жардамга өтө муктажбыз. Балдар ойной турган сабакта керектүү музыкалык аспаптар жетишпейт. Эми балдар аспаптарды ар кандай колдонот, буюм да сынат, эскирет. Бирок дайыма “музыкалык аспаптарды көзүндүн карегиндей сакта” деп айтып турабыз, бала деген бала да, сындырып, түшүрүп алат. Комуздар аз, таза чертиле турган 5 эле комуз бар. Союз учурунда Ленинграддан 12 аккордеонду алдырган элек, андан бир да жакшысы калбады. Кабинетибизде көп эле аккардеондор турат жарабайт. Балдарды эптеп үйрөтөбүз, бирок концертке алып чыга турган ишенген аккордеон жок. Аларды эсептен чыгара турган убагы келип калыптыр, бирок министрликтен киши чакырып анын көзүнчө эсептен чыгарыш керек. Бир группада 20 студент болсо, аларга жок дегенде 7-8 аккордеон болушу керек, бизде 2-3 эле болуп жатпайбы. Бардыгы келип финансыга такалат.  

 

Мукарам УСЕНБАЕВА, китепкана бөлүмүнүн башчысы:

“КИТЕП САКТООЧУ ЖАЙДЫН ИМАРАТЫ ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕЙТ”

-Биздин окуу жайда китепкана бөлүмүндө китепканачыларды даярдайбыз. Биз китепкана эң үлгүлүү китепкана болушу керек. Бирок бизде тескерисинче болуп жатат. Себеби техникум ачылганда китептерди китепканалардан чогултуп берген. Ошондо көп элек керексиз китептер келип калган. Азыркы учурда жаңы китептер деле келди бирок аз. Китеп сактоочу жайдын имараты да, температурасы да талапка жооп бербейт. Нымдуу болуп китептер бузулуп жатат. Окуу залдында жылуулук системасы жок, мебелдери деле эскирип калган. Учурда суукта айла жок убактылуу техникумдун ичинде бир класска окуу залын түздүк.

Өмүрбек СУЛТАНБЕК улуу, студент:

“МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРДЫН ЖАҢЫЛАРЫН АЛЫП КЕЛИШ КЕРЕК”

Биринчи келгенимде техникум оңдоп-түзөөгө муктаж эле. Азыр эшик-терезелер жаңыланды, бул да болсо кичине жетишкендик. Аны менен бирге эле жетишпеген жактары көп. Музыкалык аспаптардын жаңыларын алып келиш керек. Дараткананы башка куруп, арттагы класстарды оңдоп-түзөп жаңылап берсе жакшы болмок. Студенттердин деле жаңы нерсеге кызыгуусу артып, сүйүнүп дагы да жакшы окууга тырышат эле.

Эрлан КАЛМЫРЗАЕВ, студент:

“ОКУУ ЖАЙДЫ  МЫНДАЙ ЭЛЕСТЕТКЕН ЭМЕСМИН”

-Мен Аксыдан болом, 9-класстын базасы менен 2018-жылы окууга келгем. Окууга келгенде маданият техникумду мындай элестеткен эмесмин. Музыкалык окуу жай башкача, сонун окуу жай болсо керек деген ойлор менен келгем. Азыр деле бактыга жараша жаман эмес. Мугалимдер да убагында сабак өтүп, жакшы билим берүүгө аракет кылышат. Техникумдун курулганына көп жыл болгонуна байланыштуу көп нерсе дагы деле жетише элек, эскилиги жетип калган. Мунун арасынан эң биринчи музыкалык аспаптар жетишсиз болуп турат. Негизи сабак саат 4-5терге чейин болуп, кабинеттер жана музыкалык аспаптар бош болбогунан кээ бир студенттер кечки 7-8ге чейин музыкалык аспаптарды чертип, даярданышат. Мисалы, биз деле кечке чейин калып даярданабыз.

Жалал-Абад маданият техникуму 1980жылы негизделген. Китепканачыларды, клуб иштери боюнча, архив, маданий-агартуу кызматкерлерин даярдаган. 1996-жылдан тарта техникумда эки факультет уюшулган. Социалдык-маданий ишмердүүлүк бөлүмүндө эл аспаптар оркестринин, хор жамаатынын, эстрада ансамблинин жетекчилерин, музыка мугалимин, ал эми китепкана бөлүмүндө китепкана иши жана иш-кагаздарын жүргүзүүчү адистерди даярдайт.

       

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”  

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17