Аймак

АЙМАК ӨНҮКСӨ-ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ

АЙМАК ӨНҮКСӨ-ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ

 1,995 Бардыгы /

2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыяланып, бул багытта аймактарда бир топ иш-аракеттер жасалды.

Жыл тогошоор мезгилде биз Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким АЛАЙЧИЕВ Бактыбек Болбуровичке жолугуп, андан өтүп бара жаткан жылда райондун аймагында жасалган жумуштар тууралуу маек куруп берүүсүн суранганбыз.

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген тапшырмалардын негизинде биздин райондогу ар бир айыл аймагында узак мөөнөттүү программа кабыл алынып, аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу, таза суу маселесин чечүү, инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бизге тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 2019-жылдын 9 айында 975 млн. 400 миң сомду түзүп, 2018-жылдын 9 айына карата 234 млн. сомго ашыкча жумуштар аткарылган.

Райондо 2019-жылдын 9 айында мамлекеттик бюджеттин планы -287 млн 736,5 миң сом болсо, иш жүзүндө 292 млн 387,6 миң сомду түзүп, же 101,6% аткарылган. Жергиликтүү бюджеттин планы 176 млн 922,6 миң сом болсо, иш жүзүндө 196 млн 689,7 миң сомду төздө. Пайыздык катыштан алганда план 111,2% аткарылган. Район боюнча аалганда дотациянын үлүшү 2018-жылдын III кварталына салыштырмалуу 7,6% га төмөндөдү.

Өнөр жай тармагында 2019-жылдын январь-сентябрь айларында район боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн, жумуштардын жана тейлөөлөрдүн көлөмдөрү 621 млн. 640,7 миң сомго аткарылган. Бул тармактын продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси (ФКИ) 2018-жылдын үчүнчү кварталына салыштырмалуу 117,6 % түзгөн.

Өзгөн районунун аймагында 10 жаңы өнөр жай ишканасы ишке киргизилди. Тактап айтсак, Кароол айыл аймагында март айынын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын көмөгү менен сметалык баасы-1,5 млн. сомду түзгөн кондитердик цех ишке киргизилди. Анда 7 адам иш менен камсыз болот. Кароол айыл аймагында таш кесүүчү цех курулуп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Жеке ишкер А.Турганбаев тарабынан ишкананы ачууга 10 млн. сом сарпталды. Анын негизинде 5 жумушчу орун түзүлдү. Өзгөн шаарында жеке ишкерлер тарабынан 12 млн. сом сарпталып, 3 пластик-эшик терезелерин чыгаруу цехтери ачылды. Төрт-Көл айыл аймагында жеке ишкер С.Насипов тарабынан 17 млн. сом сарпталып таш кесүүчү цех пайдаланууга берилди. Жылалды айыл аймагында жеке ишкер Т.Акматалиев тарабынан 2 млн. АКШ доллары сарпталып, таш кесүүчү цех курулушу бүттү. Жалпак-Таш айыл аймагында “ЗемКомпани” тарабынан сарыташ үлүл ташын казуу ишканасы ачылып, 10 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Жалпак-Таш айыл аймагында “Сарыбек ата” ЖЧКсы тарабынан 16 млн. сом сарпталып таш кесүүчү цех ачылды.

Районубуздун калкынын мал жандыктарынын саны жылдан-жылга көбөйгөндүгүнө байланыштуу этти сыртка экспортко чыгаруу жана жумуш орун түзүү үчүн мал союучу ишкана куруу пландаштырылган болчу. 2019-жылдын 3-кварталында ишкер Базарбаева Зейнепкан тарабынан мал союучу ишкана пайдаланууга берилди. Аталган ишкана ээсине “Айыл-Банк” аркылуу берилген болчу. Кредиттин эсебинен ишкана мал союучу жай ЕАЭБ стандартына ылайык реконструкциялап чыкты. Анын кубаттуулугу күнүнө 50 баш ири мүйүздүү мал, 100 баш-кой-эчкини түзөт. Эки нөмөөттө иштеген учурда жалпысынан 15 тонна эт өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, ишкананын союлган малдарды топтооочу муздаткычы (20 тонналык), тоңдура турган атайын муздаткычы бар (20 тонналык). Кошуна райондордон (Сузак, Кара-Кулжа, Кара-Суу) мал-жандыктарды топтоп, ЕАЭБ өлкөлөрүнө сапаттуу этти жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Ишкананын ишке кириши менен 25 жаңы жумушчу орун түзүлдү.

Быйылкы жылдын март айынан баштап, жеке ишкер Көчөров Эшполот сүт чогултуучу ишкана уюштуруп 5 адамга жумуш орун түздү. Сүт сатууга муктаж 60-70 дыйкан-фермерлердин сүттөрүн алып Ош шаарындагы “Ак-Сүт” заводуна тапшырат.

Багбанчылыкты өнүктүрүү максатында Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылында кайракта 5 га жер аянтына жаңы технологиядагы тамчылатып сугаруу ыкмасы менен бак отургузулду. Натыйжада бул чарбалардын түзүлүшү менен 19 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Мындан сырткары Жазы айыл өкмөтүндө 6 га, Кароол айыл өкмөтүндө 3,5 га, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө 2 га, Куршаб айыл өкмөтүндө 1 га, Төрт-Көл айыл өкмөтүндө 1,5 га, Жыланды айыл өкмөтүндө 2 га, Дөң-Булак айыл өкмөтүндө 3,5 га, Мырза-Аке айыл өкмөтүндө 0,5 га жаңы технологиядагы бактар отургузулду. Район боюнча 25 га ашуун жер аянтына бактар эгилди.

Бүгүнкү күндө районубуздун 2 айыл өкмөтүндө жалпы сыйымдуулугу 210 тоннаны түзгөн 4 мөмө-жемиштерди сактоочу логистикалык борборлор ишмердигин жүргүзө баштады.

Өзгөндөн атагы абалтадан эле күрүч өндүрүү менен чыгып келген. Маданий өсүмдүктүн бул түрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2019-жылы Россия Федерациясынын Краснодар крайынын илимий изилдөө институту менен байланышып, күрүчтүн түшүмдүүлүгү жогору болгон Кумер, Царин, Зелес, Ласточка, Амецтит, Рада, Ледер, Фаберид, Рубин, Легун, Сонет сортторунун үрөндөрү алынып келинип, Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Сорт сыноо участкасында Көккөзов Адандын жетекчилиги алдында сыноодон өттү. Сыноодон өткөн сорттордун орточо түшүмдүүлүгү 80 -120 центнерди түздү.

Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр узак мезгилге сактоочу жай менен камсыз кылуу максатында Дөн-Булак өкмөтүндө 20-50 тонналык, Ак-Жар айыл аймагында 75 тонналык мөмө-жемиш сактоочу жайлар (логистикалык борбор) иштеп баштады.

2019-жылы бардык айыл өкмөттөрдү интернетке туташтыруу иштери жүргүзүлдү. “Кыргызтелеком” акционердик коому тарабынан бардык айыл өкмөттөрдүн имаратына чейин заманбап опто-волокондук линиялары тартылды. 2019-жылдын 1-ноябрына карата райондогу 104 мектептин бардыгы интернет тармагына туташтырылды.

Башка жылдардан айырмаланып бул жылы райондун аймагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 км жолго асфальт төшөлдү. Тактап айтсак, май айында Жазы айыл аймагынын Жээренчи айылында 1, Кара-Дыйкан айылында 1 км асфальттоо иштери жүргүзүлдү. Куршаб айыл аймагында Куршаб айылынын М.Орозбаев көчөсүнө 1,5 , Мырза-Аке айыл аймагында 3,5, Өзгөн шаарында 3 км жол асфальтталды.

Үстүбүздөгү жылы сметалык баасы 11 млн. 232 миң сомду түзгөн .Кара-Таш айыл аймагындагы Ж.Малабаев, Зергер айыл аймагындагы жалпы суммасы 55 млн. сомду түзгөн Б.Тешебаев, Кароол айыл аймагындагы сметалык баасы 65 млн. 500 миң сом болгон Ч.Айтматов, сметалык баасы 77 млн.сомду түзгөн Алтын-Булак айыл аймагындагы А.Маматов, жалпы суммасы 81 млн. сом болгон Зергер айыл аймагындагы М.Жолдошалиев атындагы орто мектеп пайдаланууга берилди. Кароол айыл аймагындагы К.Рыспаев атындагы мектептин башталгыч класстары үчүн курулган имараттын сметалык баасы 1 млн.999 миң. Сомду түздү.

Азыркы учурда райондун аймагында, республикалык бюджеттин эсебинен 5 мектептин, 6 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Айыл жергесиндеги калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу максатында араб өлкөлөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 е саламаттык сактоо мекемелеринин имараттары курулду, дагы бир нечеси курулууда. Ошондой эле Өзгөн аймактык ооруканасынын медициналык таштандыларды жок кылуучу бөлүмдөн жана дезинфекциялоочу камера үчүн эки кошумча бөлмөлөрдүн курулушу аяктады. бүткөрүлдү. Хирургия, төрөт бөлүмдөрүнүн, администрация жайгашкан имараттары капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Өзгөн районунда калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында чет элдик донордук уюмдарды тартуу менен, республикалык бюджеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

Жыл башында туристтик потенциалды өнүктүрүү, маданият, тарых багытындагы комплекстүү иш-аракеттердин негизинде районго келген туристтердин санын 10% көбөйтүү максатын койдук эле. Буюрса, пландарыбыз ишке ашырылып жатат. 2019-жылдын 9 айында Өзгөн районуна келген туристтердин саны 16158 адамды түздү 2018-жылга салыштырмалуу 12% көбөйдү. Туристтер негизинен, Кара-Шоро жаратылыш паркына жана Өзгөн архитектуралык-тарыхый комплексине келишүүдө. Эл аралык уюмдардын көмөгү менен Өзгөн архитектуралык-тарыхый комплексин реставрациялоо боюнча долбоорлор иштелүүдө. Азыркы учурда комплекстин күмбөздөрүндөжаан-чачындардан жана башка жаратылыш кубулуштарынан сактоо максатында консервациялоо иштери жүргүзүлдү. Түркия Республикасынын эл аралык кызматташуу агенттигинин көмөгү менен Имам-Аль-Сарахсий тарыхый комплексинин курулушу улантылууда.

Жаштарга спорт менен машыгууга ар тараптан шарттар түзүлүүдө. 2019-жылы республикалык, жергиликтүү бюджетерден жана башка каражаттардан бир нече спорттук курулмалар ишке берилип жана курулуш иштери жүрүп жатат.

Маектешкен:

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17