Аймак

ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК АНЫН ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ – мугалимдердин көзү менен

ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК АНЫН ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ – мугалимдердин көзү менен

 2,669 Бардыгы /

Базар-Коргондо райондогу мектептердин социалдык педагог мугалимдерине «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук анын чечүү жолдору» темасында окутуулар жүрүүдө. Аталган окутууга 60тай мугалим катышып жатат.

Иш-чаранын уюштуруучулары мындай окутуулардын арты менен зордук-зомбулуктун алдын алуу жана окуучулар менен мугалимдер, бала менен ата-эненин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө шарт жаралат дейт.

“Тренингдде мугалимдерге үй-бүлөдөгү конфликттер экономикалык, социалдык жана каржылык жаатында чыккан чыр-чатактардын чечүү жолдору тууралуу айтып бердик. Мындан сырткары үй-бүлөдөгү жаңжал алардын балдарына жана алардын билим алуусуна тийгизген таасири, алып жүргөн абалына доо кетери тууралуу баяндамаларды окуп, атайын видео роликтер жана мисалдар менен көрсөтүп бердик”- деди, соц педагог мугалими Бүсара Кудаярова.

Мындан сырткары ал окуу учурунда мугалимдер арасында «Конфликт деге эмне?», «Аны чечүүдө ата-эненин ролу» деген темада талкуу жүргөнүн кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Базар-Коргон районунда 65 мектеп бар.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17