Аймак

КЫШКЫ СПОРТТУК ОЮНДАРЫ ӨТТҮ

КЫШКЫ СПОРТТУК ОЮНДАРЫ ӨТТҮ

 5,283 Бардыгы /

 Бүгүн, 13-январь Эски жаңы жыл майрамына карата Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы оюн-зоок өткөрүүчү аянтчада кышкы спорттук оюндары өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мухамедалы Эшназаров билдирди.

Мелдеште эркектер жана аялдар арасында лыжа менен 500-1000 метр аралыкка жарышуу, эстафеталык жарышуу, чана менен жарышуу, аркан тартыш, кап менен урушмай,  челек чапмай сыяктуу кызыктуу оюндар өткөрүлдү.

Оюндарга 20дан ашуун мекемелердин эмгек жааматтары катышып, өздөрүнүн шамдагайлыктарын жана спорттук деңгээлин көрсөтүштү.

Соңунда жогорудагы оюндардын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми,  командалык эсеп менен алганда 1- орунду райондук социалдык коргоо башкармалыгынын командасы,  2-орунду Сүйүмкан Чондоева атындагы бала бакчасы, 3- орунду Сатимбай Мырзалиев орто мектеби ээлешип, атайы дипломдор менен сыйланышты.

Иш чарага жалпы 200гө жакын адам катышты.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17