Аймак

ПОМПЕО: АКШ ИРАН, ОРУСИЯ ЖАНА КЫТАЙДЫ ТИЗГИНДӨӨ СТРАТЕГИЯСЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРЕТ

ПОМПЕО: АКШ ИРАН, ОРУСИЯ ЖАНА КЫТАЙДЫ ТИЗГИНДӨӨ СТРАТЕГИЯСЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРЕТ

 853 Бардыгы /

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчилеринин бири Касем Сулейманинин жок кылынышы – Кошмо Штаттардын каршылаштарды «тизгиндөө» стратегиясынын бир бөлүгү. Орусия менен Кытай дагы бул стратегиянын объектилери болуп эсептелет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.

Дүйшөмбүдө Майк Помпео Стэнфорд университетинин алдындагы Гувер институтунда «Тизгиндөө саясатын калыбына келтирүү: иран мисалы» деген аталышта баяндама жасады. Ал 2015-жылы Иран менен өзөктүк келишим түзгөн Барак Обаманын администрациясын сынга алды. Анын пикиринде, бул келишим Тегеранга кайрат берген.

Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун билдиришинче, тизгиндөө стратегиясында бир гана Иран эмес башка өлкөлөр да бар. Ал Украинага курал жеткирүүнү, Кыска жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимдин денонсациясын жана аталган стартегиялык аракеттин бир бөлүгү катар алыскы аралыктагы ракеталарды сыноону эске салды. АКШ Түштүк-Кытай деңизинде дагы аскер-деңиздик машыгууларын кеңейткен. Муну менен Кошмо Штаттар Кытай тарабынан аралдын милитаризацияланышына жооп кайтарууда. «Биз тизгиндөө деген түшүнүктүн маанисин калыбына келтирип жатабыз», – деп белгиледи Помпео.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17