Аймак

МЫКААЧЫ КҮЙӨӨЛӨР, КОРДУК КӨРГӨН АЯЛДАР…

МЫКААЧЫ КҮЙӨӨЛӨР, КОРДУК КӨРГӨН АЯЛДАР…

 3,177 Бардыгы /

Мыкаачы күйөөлөр, ажал тапкан аялдар… Жаңырган жылдын башында эки жаш келин күйөөлөрүнүн ур-тепкисинен кийин жарыкчылык менен кош айтышты. Дагы бирлерин бензин чачып, өрттөп салды. Бул чуулгандуу окуялар үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин күн тартибине кайрадан чыгарды. Үрөй учурган бул окуяларга эмне себеп болууда? Бул жаатта областта статистика кандай? Канткенде мындай окуялар азаят? Ушул суроолордун тегерегинде төмөндө сөз кылмакчыбыз.

Нурдинбек ЖЭЭНТАЕВ, ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы:

“АЯЛЫ ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛЫП, ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ…”

-Жыл башынан бери мындай багытта бир гана окуя катталды. Окуя Кара-Көл шаарында 6-январдан 7-январга караган түнү болуп, эки жыл мурун ажырашкан күйөөсү ичип келип аялын жана 16 жаштагы кызын ур-токмокко алган. Кызынын ден соолугу жакшы, бирок аялынын алган жаратынын айынан Кара-Көл шаардык ооруканага жаткырылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бир гана күйөөсү эмес, кайненеси менен урушуп кеткен фактылар да катталууда. Бул да үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кирип, коргоо ордерлери берилет. Жоруктар жөнүндөгү кодекстин негизинде урушуп же сөгүп койсо деле арызданса, биз ошонун негизинде каттап, текшерүүгө алабыз. Мисалы, жаңырган жылдан ушул күнгө чейин 24 факты катталды. Ал эми 2018-жылы 1228 болсо, 2019-жылы 778 факты катталган. Белгилеп кетчү нерсе, күйөөсү аялын уруп койсо, аялы өзүн коргоп бизге арыз менен кайрылса, биз карайбыз. Ажырашып кетпейсиңби деп сурайбыз, “жок, жөн гана аны тартипке чакырып койгулачы” –деп көбү кайрылышат. Биз мейли, тартипке чакыралы, бирок мыйзам боюнча айып пул каралган десек, “кокуй, муну да өз жаныбыздан төлөшкө туура келет” – деп тосмо арыз жазышып, жарашып кетишет.

Айчүрөк ИСАЕВА, шаар тургуну:

“ЖОКЧУЛУКТАН ЖЕ ТОКЧУЛУКТАН ЧЫККАН ЧЫРЛАРДЫН КЕСЕПЕТИ”

 -“Аял” сөзү өтө аярлуу деген улуу сөз. Бул жаныңда жанашып жүргөн жан жолдошуңду “ая” дегенден келип чыккан улуу аталыш. Аял – энең, карындашың, бир тууганың, кызың, ал сенин укум-тукумуңду, урпагыңды улоочу ажайып асылзаада жан. Анын да эркек менен эле тең укугу, жөндөмү, талабы, керектөөсү, билими, сабаттуулугу бар. Акыркы мезгилде адам өз жашоосуна өзү нааразы болуу менен түрдүү ойго келбеген иштерди жасап жатат. Аял киши табигатынан эркекке караганда назик, камкор, тырышчаак болуп, бирок азыркы мезгилде эркегин күтүп жөн эле барга да, жокко да кайдыгер болгон аялзаты жок, баары аракетте – бул замандын талабы.

Бирок зөөкүрдүгү менен маңкуртка айланган эркектердин жасаган айбандык жоруктары бардык рамкадан чыгып кетти. Буга бүгүнкү күндөгү турмуштук кыйынчылыктар, заманбап талаптар, атаандашуулар, кымбатчылык, кыргыз элине таандык болгон салт- санаалардын, той-тамашалардагы ашыкча чыгымдардын көбөйгөнү, эң негизгиси жумушсуздук маселеси да себепчи болду. Баары келип турмуштун бир аз кыйынчылыгына чыдабаган жокчулуктан же өтө эле текеберленген токчулуктан чыккан чырлардын кесепети.

Ар кандай зомбулук сөзсүз түрдө укуктук мыйзам аркылуу жазаланууга тийиш. Турмуш өзү — тырмышуу, оокат кылуу, тирүүлүктүн арабасын алы жеткенче тартуу эмеспи. Үй-бүлө – бир мамлекет, анын жарандары (күйөөсү, аялы, балдары) ар кандай ситуацияларда кеңешүү, бири-бирин түшүнүшүү, сыйлоо, сабыр кылуу аркылуу гана ачуулукту, жек көрүүнү, зомбулукту жеңе алышат. Каниет, тообо кыла албаган эрди-катындын залалы балдарга тийгени өкүнүчтүү. Мыйзам жол берсе, ушундай зөөкүрлөрдү атып салуу да аздык кылар эле. Үй-бүлөдөгүлөр кыргыздын салт-санаасында каралган мыкты эрежелерди сактап, бири-бирине жөлөк таяк болсо, балдарынын кубанычына, бактысына жакшылыктарды чогуу тилесе жашоо өз нугунда өтө берет. Эң негизгиси ортодогу күнөөсүз балдардын тагдыры менен ойногондордон кудай сактасын.

Ороз АБДЫЛАЕВ, активист:

“БУЛ МАСЕЛЕНИН ЧЕЧҮҮ ЖОЛУ КЫЗДАРДЫН УКУГУН КОРГОО ЭМЕС…”

-Бүгүнкү эркектер жөнүндө… Жаштар комитети тарабынан окуу курстарына, тренинг, семинарларга жарыя кетиребиз. Бирок катышууга катталгандардын 80% катышуучулары кыздар. 10% жигиттерди биз өзүбүз тарабынан айтылгандар, калган 10% жигиттер жарыяны көрүп келгендер. Эми ойлонуп көрөлү, эркектер эмне үчүн эч нерсеге кызыгыбыз жок болуп баратат. Биздин билим деңгээлибиз өзүбүзгө жетиштүү же жалкоолугубуз бизди башка жакка багыттап кетет, же болбосо маалыматты жигиттерге жеткире албаган, бизде күнөө.

Эгер ушул боюнча эч нерсеге кызыгуубуз жок болуп билим, илим албай жүрө берсек, бүгүнкүдөн да кырдаал күчөп кетиши мүмкүн. Эми бүгүнкү кырдаал жөнүндө кеп козгосок, “Аялдар эркектерден муштум жеп, зордук көрүп жатат”, “Аялдар дискриминацияга кабылып жатат” деген маалыматтар акыркы күндөрү көп тарады. Бул маселенин чечүү жолу кыздардын укугун коргоо эмес (ал деле маанилүүдүр), эркек балдардын билим деңгээлин, алардын маданиятын көтөрүү болуп саналат. Себеби үй-бүлөдө эркектердин билими, ой жүгүртүүсү аялдарды башкарууга же аларга үлгү болууга жетпегендин айынан, сөзү өтүмдүү болбогондун айынан айла жок кол көтөрүүгө барат. Муштумга караганда курч сөз өтүмдүү. Бирок ал курч сөздү эркектер сүйлөөгө деңгээли жетпей калды. Мындай пассивдүү боло берсек АКШ менен Иран согушкандай, эркектер менен аялдар согушуп калуу ыктымалдыгы бар. Ойлонолу, жигиттер!  Албетте, бул сөздөр бардык эркектерге тийиштүү эмес.

КЕЧИРГИЛЕ БИЗДИ, АЙЫМДАР!

Коомчулукка жем таштаган бул көйгөй социалдык тармактарда да актуалдуулугун жоготпой келүүдө. Жогорудагы маселеге фейсбук колдонуучусу Асхат Осмонов төмөндөгүдөй билдирүү калтырган. Анда аялзатына болгон эркектердин кечирим суроосун окууга болот.

1.Кыз кезинде романтика болуп, тийгичекти алтыным, тийгенден соң катынымга айланган секелектер, кечирип койгулачы бизди алтындар.
2. Дүңгүрөгөн тойдун эртеси, карызга баткан түйшүк үй-бүлөгө келген жаш келиндер, силер да кечиргилечи.
3. Келген-кеткенге жүгүнүп, үй иштерине жипсиз байланган жеңелер, силерге дагы таазим бизден.
4. Ата колдуу, апасынан айрылган жетимдер, үй-бүлө коргой албаган коомду силер да кечиргилечи, жөжөлөрүм.

5.Эркек түшүндө да көрбөгөн, төрөт азабынан көз жумган айымдар, биз силерге эстелик тургузсак дагы аздык кылар. Жаныңар бейиште болсун шеиттер!
6. Жаш эне болуп сүтүн аябай, эмчеги соолугуча эмизген энелер. Кантип сүт акыңардан кутулар экенбиз, ырайым кылгыла бизге баатыр энелер!
7. Эркеги бага албай, талаалап жүргөн айымдар, силер да бизди – эркек сымал мажирөө чабалдарды кечиргиле.
8. Баласы менен бирге, жолдошун кошуп баладай эркелеткен кожойкелер, силерге да таазим бизден!
9. Болор-болбос үчүн жаңжал чыгарып, аялын төпөштөгөн айбан эркек менен жашаган айымдар, амансыңарбы айланайындар?!
10. Былжырап, майдаланып, назик аял кишиге кол көтөргөн, зөөкүр-айбандар силерге кайдан жолуксам?
11. Бөтөлкө менен сорушуп, араң сүйрөлүп келген алкашты, жийиркенбей тосуп алган аялга да алкыш айтайын.
12. Ала жиптен секирип, кыз жандуу эркекке чыдаган айымдар, силер да сабырыңар түгөнгүчө аман болгулачы, туугандар.
13. Үч талак алып талаалап, балапандар менен батирде уялап жүргөн айымдар, Кудайым бизди кечирип, силерге жар болсун!

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17