Аймак

ЧАТКАЛ ЖАНА АКСЫ МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ЧАТКАЛ ЖАНА АКСЫ МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1,658 Бардыгы /

Чаткал РИИБнин кызматкерлери “Лидер” аталышындагы иш пландын негизинде район аймагында эл менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Анын алкагында милиция райондук оорукананын кызматкерлери менен биргеликте коронавирустун алгачкы белгилери, алдын алуу жолдору тууралуу түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Жаш өспүрүмдөргө бул жугуштуу дарт боюнча маалыматтар берилип, андан коргонуу жолдору айтылды. Ошондой эле милиция кызматкерлери жаштарды спортту сүйүүгө жана мекенди коргоого чакырышты.

Бул сыяктуу иш-чара Аксы РИИБи тарабынан дагы улантылып жатат. Атап айтсак Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү мектептерде ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана участкалык инспекторлор тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу, укук бузууларды, жоруктарды болтурбоо багытындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ата-энелерге сабактан сырткары өз балдарына ар дайым көзөмөл кылуу керектиги эскертилди.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17