Аймак

СӨЗ ЭРКИНДИГИН, ИНТЕРНЕТТИ ЧЕКТӨӨГӨ КАРШЫЛАР АКЦИЯГА ЧЫГЫШТЫ

СӨЗ ЭРКИНДИГИН, ИНТЕРНЕТТИ ЧЕКТӨӨГӨ КАРШЫЛАР АКЦИЯГА ЧЫГЫШТЫ

 1,059 Бардыгы /

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында ушу тапта сөз эркиндигин жана интернетти чектөөгө каршы митинг өтүп жатат. Бул иш-чараны уюштуруу демилгеси соңку күндөрү социалдык тармактарда көтөрүлүп, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана катардагы жарандар бүгүн чогулууну чечишкен.

Иш-чарага, катышуучулардын айтымында, элүүдөн ашуун адам катышууда.

Алар эгер парламентте талкууланып жаткан мыйзам кабыл алынса, интернетте өз пикирин ачык айтып чыккан адам экстремист деп таанылып, ага чара көрүлүшү ыктымал экенин белгилешти.

Пикетте “Мен фейк эмесмин!”, “Сөз эркиндиги үчүн!”, “Бул мыйзам эмес, бул – плагиат!”, “Элге каршы депутаттар кетсин!”, “Бийликти узурпацияга жол бербейбиз!”, “Эгер Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы кабыл алынса, биз экинчи Түндүк Кореяга айланабыз!” деген сөздөрдү айтып жатышат.

Миитингге милиция кызматкерлери көз салууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Буга чейин “Медиа Полиси Институту” уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам “Кыргызстандын Конституциясына каршы келет” деген билдирүү тараткан.

«Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда мыйзам долбоорун экинчи-үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алган. Бүгүн бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралышы керек.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17