Аймак

ОШТО АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНЫШТЫ

ОШТО АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНЫШТЫ

 753 Бардыгы /

ОШ. 2019-2020-окуу жылында ири ийгиликтерди жаратышкан Ош облусундагы бүтүрүүчүлөр сыйланышты. Бул жөнүндө Ош облустук билим берүү институтунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээлерине, жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай топтоп, «алтын сертификат» алган окуучуларга Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев тарабынан баалуу белек-бечкектер тапшырылды.

Сыйлоо аземинин жүрүшүндө Узарбек Жылкыбаев бүтүрүүчүлөргө ийгилик гана тилеп, мындан ары жогорку окуу жайда дагы көптөгөн жетишкендиктерге жетүүсүнө тилектеш экендигин жашырган жок.
«Алтын сертификат» алган 2 окуучуга ноутбук, ал эми республикалык олимпиаданы жеңген 9 окуучуга, «Алтын тамга» аттестатын алган 14 окуучуга уюлдук телефондор ыйгарылды.

Мындан тышкары «Алтын сертификатка» ээ болгон 2 окуучуну даярдаган мугалимдерге дагы ар бирине 10 миң сомдон сыйлык ыроолонду.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17