Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,907 Бардыгы / Өлкөбүздө жайланышкан бардык жогорку окуу жайларында талапкерлерди кабыл алуу учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн режиминде жүргүзүлө баштады. Бул биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Кабыл алуу ушул жылдын 20-июлунда башталып, августтун баш жагында аяктайт. Ал үч тур менен өтүп, ортолорунда тыным болот. Ага ылайык, облуста […]
3,908 Бардыгы / Өлкөбүздө жайланышкан бардык жогорку окуу жайларында талапкерлерди кабыл алуу учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн режиминде жүргүзүлө баштады. Бул биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Кабыл алуу ушул жылдын 20-июлунда башталып, августтун баш жагында аяктайт. Ал үч тур менен өтүп, ортолорунда тыным болот. Ага ылайык, облуста […]
ЖОЖго ОНЛАЙН ТАПШЫРУУ ЖЕҢИЛДИКПИ ЖЕ КЕМЧИЛИКПИ?
24.07.2020 / Автор orozalieva3,909 Бардыгы /
Өлкөбүздө жайланышкан бардык жогорку окуу жайларында талапкерлерди кабыл алуу учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн режиминде жүргүзүлө баштады. Бул биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Кабыл алуу ушул жылдын 20-июлунда башталып, августтун баш жагында аяктайт. Ал үч тур менен өтүп, ортолорунда тыным болот. Ага ылайык, облуста биз кайрылган окуу жайлар кандай тартипте кабыл алышууда. Ал эми абитуриенттер буга эмне дейт? – төмөндө кененирээк сөз болмокчу.
Эмил ТӨЛӨНОВ, ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы:
-Өткөн аптада 20-июлда кабыл алуунун биринчи туру башталып, 22-июлда аяктады. Жылдагыдан өзгөчөлүгү катары быйыл абитуриенттер окууга онлайн форматта тапшырып жатышат. Окууга кабыл алуу үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Быйыл ЖАМУда бюджеттик 234 орун каралган. Анын ичинен 40 максаттуу орун,24ү чек арага жакын жайгашкан мектептер үчүн бөлүндү. Ал эми жеңилдетилген орундуктарга 7 орун берилди. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, келишимдик негизде окуй турган талапкерлердин босого баллы 105тен жогору болушу шарт. Ал эми бюджеттик негизде тапшыргандардын босого баллы 110 бойдон калат. Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде учурда 15 миңге жакын студент билим алат.
Абитуриенттин окууга тапшыруу үчүн төмөнкү аракеттерди аткаруусу керектелет:
- Каттоо. Абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтында каттоо жараянынан өтүүсү керек, ал үчүн профилде керектүү маалыматтарды толтурат. Маалыматтар толтурулгандан кийин абитуриенттин телефон номерине СМС билдирүү келет. Эскертүү, телефон номерин туура, так көрсөтүү зарыл!
- ЖОЖду тандоо. Системада көрсөтүлгөн окуу жайлардын тизмесинен багытты жана профилди тандоо керек.
- Өтүнмө (заявка) берүү. Андан кийин ЖОЖду, даярдоо багытын тандоо менен ЖРТнын электрондук талонун тиркөө зарыл.
- Кабыл алуу. ЖОЖдун сунушунан кийин тандалган адистик боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоо зарыл.
Анвар ЖОЛДОШБАЕВ, ЭАУнун окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректору:
-К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (ЭАУ) учурда жаңы окуу жылына талапкерлерди кабыл алуунун 1-агымынын жыйынтыктарын чыгарууда талапкерлердин саны күтүлгөндөй жакшы. Бул жылкы кабыл алуу өнөктөштүгү коронавирустун айыбынан өзгөчө болду: талапкерлерди окуу жайга топтобой, аталган ооруну жуктурбоо үчүн бардык студенттер аралыктан электрондук түрдө катталып, окуу жылынын башталашында документтери менен окуу ниетин тастыкташат. Биздин электрондук каттоо сайтыбыз www.mnu.kg. Азыр талапкерлер жогорку билим берүү программалары боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктары менен, колледждерге аттестаттарындагы баалардын жыйынтыктары менен тапшырышууда. Билим берүү жана илим министрлиги колледждерге аттестаттагы баалардын негизинде кабыл алууга уруксат берди – бул да ушул жылкы кабыл алуунун өзгөчөлүгү. Мисалы: экономика адистиктери боюнча тапшыргандардын математика жана кыргыз, орус тилдери боюнча, укуктук адистиктери боюнча тарых жана кыргыз, орус тилдери боюнча, медициналык адистиктерге тапшыргандардын биология, химия жана кыргыз, орус тилдери боюнча аттестаттагы баалары эске алынат ж.у.с. Дагы бир өзгөчөлүк: окуу жай бул жылы талапкерлерге кесиптик багыт берүү иштерин телевидение, газеталар аркылуу гана эмес, социалдык тармактарда да активдүү жүргүзүүдө, анткени азыркы жаштар көбүнчө маалыматты интернет, социалдык тармактар аркылуу алышат. Муну менен бирге, ар бир кызыкдар талапкер окуу жайдын кабыл алуу комиссиясына 0(778) 802 577, 0(702) 800 360 уюлдук телефондор аркылуу кайрылып, тийиштүү маалымат ала алышат.
Эмил БАЛТАГУЛОВ, Жалал-Абад маданият техникумунун директору:
-Быйылкы жылга окуу жайыбызга 60 адам ала алабыз. Канча абитуриент кабыл аларыбызды министрлик чечип берет. Былтыр 62 студент кабыл алганбыз. Кабыл алуу убактысы 13-июлдан 31-июлга чейин биринчи этап, 1-августтан тартып экинчи этапты кабыл алуу башталат. Кабыл алууну онлайн деп атайбыз, бирок биздикилер онлайн форматка көнбөптүр, сайтты толтура албай жатышат. Ошондуктан таксиден берип жибергендерди тосуп алуудабыз, жакын жашагандар өздөрү таштап кетип жатышат. Алар бизге кандай учурда тапшырса да биз документтерин онлайн программага киргизип жатабыз. Аттестатынын бааларына чейин киргизип, ал жактан орточо баллын алабыз дагы сынак уюштурабыз. Ал эми жаңы окуу жылы да онлайн форматта башталат деп айтылды. Албетте мындайга өлкөбүз да даяр эмес болчу. Бирок акыркы семестрде кырдаалга байланыштуу онлайн окутуу болгон учурунда мугалимдерибиз кыйналды. Ошого карабай үйрөнүштү. Бул жылы ал багытта кыйынчылык азыраак болот деп ишенем.
АБИТУРИЕНТТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Алина АЖЫБЕКОВА, абитуриент:
-Мен Токтогул районунун М.Жунусалиев атындагы мектебинде быйыл 11-классты аяктадым. Тилекке каршы окуу жайлардын эшигин кагып кирип тапшырууга бул жылы бизге мүмкүнчүлүк болгон жок. Окууга тапшыруудагы маселем документ толтурууда болду. Мурда бүткөн эже-агалардын айтуусу боюнча ата-энеси каза болгондор үчүн жеңилдиктер берилет деп уккан элем. Туулганыма 5 ай болгондо апам оорудан улам каза болуп калган экен. Ошол жылдан тарта мени таята-таэнемдер чоңойтушту. Ал кишилер да азыр пенсия жашына жетип, таятам 72ге, таэнем 71ге чыкты. Карыган адамдардын пенсиясы дары-дармегинен ашпайт. Мени түйшөлткөнү ошол. Себеби онлайн документ толтурууда жеңилдиктер тоголок жетим, майып ж.б. үчүн гана деген бөлүмдөрү бар экен. “Мен жеңилдикти кантип ала алам?”-деген суроо азыр түпөйүл ойго салып жатат. Бюджеттик негизде окуу мен үчүн абдан керек нерсе эле. Бул тууралуу @abiturientonline2020 электрондук дарекке да жазып көрдүм. Бирок тилекке каршы жооп ала алган жокмун. Ал эми артыкчылыгы таята-таэнемдин колунда менден башка эч ким жок. “Мен барганча таштап кетпей тур!”-деген эжемдин сөзүн ойлонуп жаткан учурда онлайн тапшыруу болуп калып, жандарынан чыккан жокмун. 1-турда берилген 2 талон менен И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык билим берүү багытына жана экономика жаатына тапшырдым.
Даниил БУЛДУРОВ, абитуриент:
-Быйылкы кырдаалга байланыштуу окуу системасындагы бардык учур дистанттык негизде өтүп жатканы баарыбызга белгилүү. Алардын катарында ЖОЖдорго тапшыруу да онлайн түрүндө өтүп жатат. Негизинен алып караганда XXI кылым технология кылымы деп айтылгандай эле окууга тапшыруу учуру өтө деле кыйынчылыктарды жаратпады. Окуучулар бат эле үйрөнүп, үйлөрүнөн чыкпай эле тапшырып жатышат. Ооруну жайылтпоо максатында иштелип чыккан бул идея менин көз карашымда өтө сонун экен. Себеби ыңгайлуу, эч кандай ашыкча чыгымсыз жана коррупциясыз. Мен өзүм болсо, биринчи талонумду текке кетирбөө үчүн биринчи турга Ош технологиялык университетинин архитектура факультетине бюджеттик негизде тапшырдым. Тапшыруу учуру аябай жакты, кийин да тизмеден онлайн өзүңдү көзөмөлдөп тура аласың!
Канымжан БАКТЫБЕК кызы, абитуриент:
-Мен Токтогул районун У.Арыкбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсүмүн. Окууга тапшыруу үчүн атайын сайтка кирип кантип тапшыруу керек? Кантип каталуу керек? -деген сыяктуу маселелерди мугалимдерибиз WhatsApp аркылуу түшүндүрүп беришти. Өзүм Адам университетине менеджмен факультетине тапшырдым. Сайтта бардык ЖОЖдордун өздөрүнүн сайттары жайгашкан экен, ошол жактан эле оңой тапшырдык. Эгер кыйынчылык болсо, окуу жайлардын өзүнүн кабыл алуу комиссия мүчөлөрүнүн номерлери дагы ошол жерде жайгашыптыр. Ошолорго чалып маселерди чечип алууга мүмкүн экен.
Алтынай ЖОЛБОРСОВА, абитуриент:
-Мен быйыл Ноокен районунун №13 Рахманжан атындагы орто мектебин аяктадым. ЖРТдан негизги баллым 131 болду. Окуу жайга баруу кыйынчылык жаратпагандыктан өзүм келип, ЖАМУнун химия мугалими адистигине тапшырып кеттим. Учурда сынак жыйынтыгын күтүп жатам. Менин бул кесипти тандоомдун себеби мен жашаган аймакта химия мугалими жетишсиз болгондуктан дарыгер болом деген абитуриенттер бул предметтен аз балл алып калышууда. Андыктан химия предметин мыкты өздөштүрүп, келечекте талапкерлердин мыкты дарыгер болуп чыгуусуна өз салымымды кошкум келет.
Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.