Аймак

ТАШКЕНТТИК БЛОГЕР СОЦТАРМАКТАГЫ БИЛДИРҮҮСҮНӨН КИЙИН СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

ТАШКЕНТТИК БЛОГЕР СОЦТАРМАКТАГЫ БИЛДИРҮҮСҮНӨН КИЙИН СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

 906 Бардыгы /

Ташкенттик блогер Миразиз Базаров 27-июлда Мамлекеттик коопсуздук кызматына суракка чакырылды.

Базаровдун айтымында, ал суракка Азия өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта корун Өзбекстанга көзөмөлсүз насыяларды берүүнү токтотууга үндөгөн «Фейсбуктагы» билдирүүсүнөн кийин чакырылган.

– Мен билдирүүнү жума күнү жарыялагам. Дүйшөмбү күнү Мамлекеттик коопсуздук кызматынан телефон чалып, суракка келип кетишим керектигин айтышты. Мен расмий чакыруу жөнөтүүнү талап кылдым. Чакыруу ошол эле күнү 15:30да келди. Анда мен 16:00гө барышым керектиги жазылыптыр. Суракка эртеси 11:30да адвокатым менен бардым. Бирок нөөмөттө турган кызматкер тергөөчү «бул сурак анча деле маанилүү эмес, кете беришсин» деп айтканын билдирип, документтерибизди кайтарып берди, — деди Базаров.

Блогердин айтымында, ага телефон чалган тергөөчү ал кылмыш иштеринин бири боюнча күбө катары көрсөтмө бериши керектигин билдирген. Бирок кайсыл кылмыш иш экенин так айткан эмес.

Акыркы кездери Өзбекстанда блогерлерге карата басым көбөйүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17