Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: КОШУМЧА ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БӨЛҮМҮ АЧЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: КОШУМЧА ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БӨЛҮМҮ АЧЫЛДЫ

 876 Бардыгы /

Бүгүн Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасына дагы кошумча 120 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды.

Анын 50 оруну медицина кызматкерлери үчүн даярдалган.

Аталган жай шаардын Курманбек аймактык башкармалыгында жайгашып, илдеттин алдын алууда үч кабаттуу мекеме ички оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн. Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резевдик фондунан 600 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан да зарыл шарттар жаратылган.

Медициналык жайдын абалы менен облус башчысы Нурболот Мирзахмедов барып таанышып чыгып, бул аракеттердин баары калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн алдын алуу чаралары экенин белгиледи. Мекеме толук кандуу медициналык жабдыктар менен камсыздалды.

Азыркы учурда аймактардагы жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө 600дөн ашуун бош орундар бар. Оорунун жайылуу коркунучу дагы да сакталып жаткандыктан, кошумча бөлүмдөрдү ачуу аракеттери колго алынып жатат. Белгилей кетсек, бул имарат жергиликтүү жеке ишкер тарабынан акысыз берилди.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17