Аймак

Түркмөнстанда элди жапырт эмдөө башталды

Түркмөнстанда элди жапырт эмдөө башталды

 627 Бардыгы /

Түркмөнстанда калкты жапырт эмдөө башталды. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, эмдөөдөн өтүү милдеттүү болуп эсептелет.

Ушул тапта жаштар, тобокел тобундагы кишилер жана кош бойлуу аялдар эмдөөдөн өтүүдө. Эгер жаран эмдөөдөн баш тартса, ал башка кишилерге оору жугузса кылмыш жоокерчилигине тартыларынан кабардар экенин тууралуу тил кат жазышууда. Ошол эле маалда эмдөө кандай максатта жүрүп жатканы айтылган жок.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы бейтапканалардын биринен препараттын бош кутусун алууга жетишкен. Анда вакцина Түштүк Кореядан 2018-жылы чыкканы жана сасык тумоого каршы экени жазылган.

Туркмөнстанда быйыл сентябрда Кылмыш Кодексине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, СПИДди атайлап жуктуруу, эпидемиялык мүнөзгө ээ жугуштуу оорулардан дарылануудан качуу үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы каттала элек экенин билдирип келет.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17