Аймак

Тажикстанда аялын өлтүргөн киши 11 жылга соттолду

Тажикстанда аялын өлтүргөн киши 11 жылга соттолду

 699 Бардыгы /

Согди облусундагы Айни райондук соту аялын өлтүрүүгө айыпталган жергиликтүү тургунду 11 жылга эркинен ажыратты.

«Урметан айылынын тургуну Сафиалло Рахмонов экинчи аялы Шукрон Хайдарованын өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылды. Сотто ал күнөөсүн мойнуна алып, кылганына өкүнүп жатканын билдирди. Айыпталуучу аялы экөө чатакташып кеткенин, аны жини келип муунтуп өлтүргөнүн айтты», — деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

Буга чейин Хайдарованын туугандары Рахмонов аны менен нике кыйып жашап жатканын айтышкан. Рахмонов суракта бир убакта эки аял менен жашаганын четке каккан. Тажикстанда көп аял алууга тыюу салынган, бул үчүн мыйзамда жаза каралган.

Рахмоновдун туугандары сот чечими боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Маркумдун жакындары өкүм өтө жеңил болуп калганын айтып, жогорку баскычтарга апелляциялык арыз менен кайрыла тургандыктарын билдиришти.

Рахмонов менен Шукронанын эрезеге жете элек эки баласы бар, алар ата-энесине берилди.

26 жаштагы Шукрон Хайдарованын сөөгү 4-август күнү кечинде өз үйүндө табылган. Күйөөсү Сафриалло Рахмоновдун туугандары ал өзү асынып алганын билдиришкен. Бирок маркумдун жакындары күмөн санап, аны өлтүрүп коюшкан деген шектенүүлөрүн айтышкан.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, акыркы эки жылдын ичинде Тажикстанда күйөөсү аялын өлтүргөн ондон ашык учур катталган. Өлкөдө адам өлтүрүү үчүн 8 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17