Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТТАН БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ АЛГАН СПОРТЧУЛАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТТАН БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ АЛГАН СПОРТЧУЛАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ

 1,905 Бардыгы /

Бүгүн 13-ноябрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк биринчиликте байгелүү орундарды багындырган спортчулар Нурисбек Бекбердиев жана Медербек Сапарбек уулун тосуп алуу иш-чарасы өттү. Ага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович жана спортчулардын кесиптештери, машыктыруучулары, жакын туугандары катышышты. Спортчуларга жана машыктыруучуларына ак калпак, чепкен кийгизилип, кыргыздын желегин алдыдагы дагы дүйнөлүк биринчиликтерде желбиретүү тилектери айтылды.

КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын милиционери Нурисбек Бекбердиев 82 кг салмакта, ал эми Жалал-Абад ОИИБдин «Динамо» спорт клубунун тарбиялануучусу Медербек Сапарбек уулу 62 кг салмакта Сербия мамлекетинде өткөн күжүрмөн самбо мелдешинде 3-орунду багындырышкан. Алар бул ийгиликке талыкпаган эмгектин, машыктыруучулардын, демөөрчүлөрдүн, жетекчиликтин жана эмгек жамааттын колдоосу менен жетишкендиктерин белгилешти.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17