Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ТОГУЗ АЙДА КОРРУПЦИЯ АЙЫБЫ МЕНЕН 650ДӨЙ ЧИНОВНИК ЖООПКО ТАРТЫЛДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА ТОГУЗ АЙДА КОРРУПЦИЯ АЙЫБЫ МЕНЕН 650ДӨЙ ЧИНОВНИК ЖООПКО ТАРТЫЛДЫ

 588 Бардыгы /

Өзбекстанда акыркы тогуз айда коррупциялык мыйзам бузган 647 кызмат адамы жоопко тартылды. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, быйыл январдан сентябрга чейин жемкорлук боюнча 838 кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 454 иш боюнча 647 аткаминер жоопкерчиликке тартылган.

Агенттик жоопко тартылгандардын төртөө республикалык, 15и аймактык, 626сы шаардык жана райондук деңгээлдеги чиновниктер экенин белгиледи.

Арасында акимдердин орун басарлары, саламаттык сактоо, билим берүү системасында иштегендер, Башкы прокуратура, ИИМ, Улуттук гвардия, Салык комитети, Коргоо министрлиги, Юстиция министрлиги жана Башкы комитетте иштеген аткаминерлер бар.

Мындан тышкары коррупцияга айыпталгандардын катарын коммерциялык банктарда иштеген 34 жооптуу кызматкер жана мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын 184 жетекчиси да толуктады.

Расмий маалымат боюнча тогуз ай ичинде кызмат адамдарынын коррупциялык аракетинен мамлекетке 200 млрд сумдан ашуун зыян келтирилген.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17