Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУНДА ЖАңЫ ООРУКАНАНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

БАТКЕН ОБЛУСУНДА ЖАңЫ ООРУКАНАНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

 756 Бардыгы /

БАТКЕН. Кошуна Өзбек Республикасынын колдоосу аркасындаБаткен облусунун Кадамжай районуна 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. Оорукананын курулушу үчүнмодулдук курулмаларды (контейнералып келгенӨзбекстан темиржолдору” ачык акционердик коомунун жетекчиси Хуснитдин Хасиловбаштаган делегацияны Кызыл-Кыя шаарындагы темир жол бекетинен Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү ЖаныбекЖалалов өзү тосуп алды.

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ӨкүлүЖаныбек Жалалов өз сөзүндө кошуна мамлекеттин колдоосу үчүн тереёыраазычылык билдирип: – Пандемия менен күрөштү, Кыргыз элинининсаламаттыгына кам көрүп, жакындан жардам көрсөткөндүгү, эки элдин кылымкарыткан кошуналык жакын мамилесин далилдеп, Кыргыз-Өзбек элининынтымагын дагы бир ирет бекемдеди! – деди.

Ошентип, оруканага ыёгайлашкан 40 контейнер темир жол аркылуу облускакелип түштү. Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулат. Учурда оорукананын ордун даярдоо иштери башталды.  Жетекчилер бул күнү ооруканакурулуучу жерди дагы бир сыйра көрүп чыгышты.

Заманбап оорукана он кңндүк мөөнөттө курулуп бүтүп, керектүүмедициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат. Ал эмибейтаптарды дарылоодо, Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келишип,баткендик кесиптештери менен тажрыйбаларын дагы алмашышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17