Аймак

ЖАШ ЖИГИТТЕРДИН МАССАЛЫК МУШТАШЫ БОЮНЧА ИЛИКТӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ

 1,041 Бардыгы /

8-январь күнү Жалал-Абад шаарындагы компьютердик клубда болгон жаш балдардын массалык мушташы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Сузак районунун 30 жаштагы тургуну Жалал-Абад ШИИБге арыз менен кайрылган. Ал 8-январь күнү шаардагы «Геймзон» компьютердик клубунда бейтааныш азият түспөлүндөгү, 18-20 жаштар чамасындагы 10-15 бала өз ара жаңжалдашып, клубдун эшигинин терезесин сындырып, ага материалдык чыгым келтиргенин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Ошол эле күнү аталган компьютердик клубда сол бутунан жаракат алган Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы тургуну Б.Б. ооруканага кайрылып, медициналык жардам алып кеткен.

Жогорудагы окуя боюнча материал чогултулуп, Жалал-Абад ШИИБде Жазык кодексинин 266-беренесинин негизинде (ээнбаштык) сотко чейинки өндүрүш иш ачылды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17