Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА НАН МААЛЫМКАТТЫН НЕГИЗИНДЕ САТЫЛУУДА

ТҮРКМӨНСТАНДА НАН МААЛЫМКАТТЫН НЕГИЗИНДЕ САТЫЛУУДА

 1,089 Бардыгы /

Мары облусунун тургундары мамлекеттик дүкөндөрдөн нан сатып алууда алардан жашаган жеринен маалымкат (справка) алып келүү талап кылынып жатканын билдиришүүдө.

Алардын айтымында, облуста 12-январда нан үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны көрсөтүлгөн маалымкаттын негизинде сатыла баштады. Бул маалымакаттарды жергиликтүү үй башкармалыктары берет. Маалымкат алуу үчүн жашоочу газ, суу, электр кубатына карызы жок экенин далилдеген дүмүрчөктөрдү көрсөтүшү керек.

12-январь күнү эртең менен кезекке турган жарандар маалымкаты жок болгондуктан, нан сатып ала алышкан жок.

«Маалымкатты эртең алып келебиз. Бүгүн бизге нан саткыла. Таңкы 3:00дөн бери кезекте турабыз», деп кыйкырышты тургундар.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат алуу оңой эмес. Биринчиден, бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн паспортторун жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүн үй башкармалыктарына алып баруу керек. Анан узун кезекке туруу зарыл.

Жергиликтүү кабарчылар билдиргендей, экономикалык каатчылыкка байланыштуу кишилер газ, суу жана электр кубаты үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөй албай жатышат.

Түркмөнстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып калк газ, суу жана электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү толук төлөй баштаган. Ага чейин жеңилдиктер бар болчу.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17