Аймак

2021-ЖЫЛГА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

2021-ЖЫЛГА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

 1,113 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдан тартып аукциондор электрондук (онлайн) форматта өтө баштайт, жана ал үчүн сайттар иштетилет.

Баардык муниципалдык жер тилкелери болобу? мындан ары ачык аукцион менен өткөрүү пландалууда. Кийин пайдалануучуларга ыңгайлуу болуу үчүн аукционду электрондук түрдө өткөрүү үчүн программалар иштелип чыгууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчик башкармачылыгын башчысы Жолдубай Борукулов  билдирди.

Биринчи жолу Жалал-Абад шаарында 25-янаврда электрондук аукцион болуп өтөт. Азыр анга жарыя бергенбиз, андан сырткары “Интер Билим” аттуу уюм менен жаңыдан кызматташып жатабыз, муниципалдык менчикти ким иштетип жатат, кандай багытта колдонуп жатат, атайы базага топтолуп, жалпы элге ачык көрүнүп турат. Сайтка кирип мэриянын муниципалдык жерлери бош же бош эмес болсо атайы түстөр менен өзгөчөлөнүп турат.

Эгер бир мериянын мунуципалдык жерин аукциондон утуп алып, аны экинчи адамга ижарага бергендиги байкалса, бир тараптан келишим жокко чыгарылып кайрадан ал жерлер аукционго берилет”,-деди ал.

Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17