Аймак

БАТКЕНДЕ МИҢГЕ ЧУКУЛ ИШКЕРГЕ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ ТАРАТЫЛДЫ

БАТКЕНДЕ МИҢГЕ ЧУКУЛ ИШКЕРГЕ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ ТАРАТЫЛДЫ

 1,548 Бардыгы /

БАТКЕН. Жыл сайын мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя алган жарандардын катары улам калыңдап баратат. 2019-жылда Баткен облусунда мамлекеттен 547 ишкер 193 миллион 353 миң сом насыя алса, узаган жылда  бул көрсөткүч эки эсеге өстү.

2020-жыл ичинде жалпы Баткен облусу боюнча Айыл банкы жана РСК банкы тарабынан 914 ишкер мамлекеттен 432 миллион 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан. 6-10 пайыздан таратылган насыялар  мал чарбасына, багбанчылыкка жана кайра иштетүүгө, ишкердик субьектерин каржылоого гана берилди. Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен  41 миллион 192 миң сомдук лизингге техникаларды алышты.  Ал эми багбанчылык үчүн 103 ишкер  43 миллион 275 миң сом, а мал чарбасы үчүн 772 ишкер 310 ммллмон  25миң сом насыя алышты. Ошондой эле 10 ишкер 18 миллион  500 миң сом кайра иштетүү багытында насыя алышып, чакан ишкердиктерин дароо башташты.

Белгилей кетчү жагдай: Мамлекет  тарабынан айыл чарбасын колдоо максатында жарандарга жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча Кыргыз Өкмөтү тарабынан 2021-жыл үчүн каржылоо башталганга чейин эле жеңилдетилген насыя алууну чындап каалагандар азыртан аталган Банкттарга баш багышып, адистерден кеп-кеңеш алуу менен кезекк турганга мүмкүнчүлүк алышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17