Аймак

УКМК КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАНДАР ТАЖИКСТАНДА БАРЫМТАГА АЛЫНДЫ ДЕГЕН МААЛЫМАТТЫ ТӨГҮНДӨДҮ

УКМК КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАНДАР ТАЖИКСТАНДА БАРЫМТАГА АЛЫНДЫ ДЕГЕН МААЛЫМАТТЫ ТӨГҮНДӨДҮ

 1,170 Бардыгы /

Тажикстандын күч кызматкерлери кыргызстандык жарандарды барымтага алышты деген маалымат жалган экенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Атайын кызматтын маалымдашынча 16-февраль күнү Кыргызстандын беш жараны Тажикстандан 900 кг металлды, эки бодо малды, үч койду мыйзамсыз чыгарып бара жаткан жеринен тажик чек арачылары тарабынан кармалган. Маалыматка ылайык кармалган 5 кишинин экөөнүн үстүнөн тажик тарап тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда кыргызстандык жарандарды кайтарып алуу максатында Тажикстандын бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

УКМК кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин маалымдады.

Бүгүн, 22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүгө көмөктөшүүсүн облустук бийликтен талап кылышкан. Алар жыйырмадан ашуун кыргызстандык жаран “чек арадан мыйзамсыз өткөн”, “аткезчилик товар ташыган” деген себеп менен Тажикстанда кармалып турганын айтып чыгышкан. Чогулгандарды өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев кабыл алып, 16-февралда кармалган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча чара көрүп жатканын билдирген.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17