Аймак

ДИНИЙ УЮМДАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨГҮ ЭКИ КҮНДҮК ТРЕНИНГ ОШ ШААРЫНДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ДИНИЙ УЮМДАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨГҮ ЭКИ КҮНДҮК ТРЕНИНГ ОШ ШААРЫНДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 19,473 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында диний уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча тренинг соңуна чыкты. Бул жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, тренингди ЖӨБЭММА “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” коммерциялык эмес корпорациясынын Өкүлчүлүгү менен биргеликте аталган агенттиктин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчылары, коомдук консультативдик этностор аралык кеңештин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана дин өкүлдөрү үчүн уюштурулду. Эки күн аралыгында иш-чаранын катышуучулары дин тутуу эркиндигин сактоонун актуалдуу маселелерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дин тутуу эркиндигине байланыштуу айрым маселелерди кароо боюнча иш-аракеттерин кеңири талдап чыгышты. Тренингде мындан тышкары динге ишенгендерди жерге берүү, диний уюмдардын ишмердүүлүгү, ошондой эле жер-жерлерде сабырсыздык жана басмырлоонун көрүнүшү сыяктуу маселелер байма-бай козголду.

Эки күндүк тренингден кийин ЖӨБЭММА кызматкерлери Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарын кыдырышып, ЖӨБЭММАнын этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамаларынын консультативдик жана усулдук жардам көрсөтүү иштери менен жеринде таанышышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17