Аймак

ЧОҢ ЖАНА КИЧИ ПАМИРДЕГИ ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРГА МЕКТЕП ЖАНА ООРУКАНА КУРУУ МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛДҮ

ЧОҢ ЖАНА КИЧИ ПАМИРДЕГИ ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРГА МЕКТЕП ЖАНА ООРУКАНА КУРУУ МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛДҮ

 2,031 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ооганстандын тышкы иштер министри Мухаммад Ханиф Атмар менен видео аркылуу байланышып, эки тараптуу кызматташтыкты кенен-чонон талкуулады.

Баса, бул сүйлөшүү Ооган тараптын демилгеси аркасында жүрүп, анда тараптар бири-бирин Нооруз майрамы менен дагы куттукташты. Руслан Казакбаев Ооганстандагы демократиялык реформаларды жана сөз эркиндигин, аялдардын жана улуттук азчылыктардын укуктарын коргоодогу ийгиликтерди, ошондой эле алардын өлкөсүндө тынчтыкты орнотуу үчүн көрүлүп жаткан иш-аракеттерди абдан катуу кубаттай тургандыгын ачыктады.

Мындан тышкары тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну арттыруу зарылдыгын баса белгилешти. Ошондой эле сүйлөшүү маалында Ооганстандагы кыргыздардын абалы боюнча дагы сөз козголуп, заманбап инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу керектиги ачык айтылды.

Айтмакчы, Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздар жашаган жерлерге мектептерди, жолдорду жана ооруканаларды куруу зарылдыгы дагы эскертилди. Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде ооганстандык этникалык кыргыздарды окутуу жагы макулдашылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17