Аймак

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КООЗ ЖАЙЛАР “3D” КАРТАСЫНДА КӨРСӨТҮЛДҮ

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КООЗ ЖАЙЛАР “3D” КАРТАСЫНДА КӨРСӨТҮЛДҮ

 831 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Өлкөнүн ички туризмин өнүктүрүү максатында буга чейин 7 областтын 8 миңден ашуун таанымал кооз жайларынын сүрөттөрү атайын “3D” картасына түшүрүлгөн. Ал Жалал-Абад шаарындагы көрүүчүлөргө тартууланып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жарманкеси менен коштолду.

Ага Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директору Самат Шатманов да катышып, бул аракеттер өлкөнүн эс алууга ылайыктуу жайларын таанытып, чет өлкөлүк туристтердин маалыматтуулугун арттыруу болуп саналаарын белгиледи. Мындагы катышуучулар виртулдык көз айнектин жардамы менен кыргызстандын туристик жайларын панорамалык сүрөттөрдү көрүү мүмнкүчүлүгүнө ээ болушту. Ал атайын түзүлгөн “map.tourism.gov.кg” сайтына жайгаштырылган.

Иш-чара “Дестинация Жалал-Абад” коомдук бирикмеси уюштурулган. Аны Туризм департаменти, Европа Биримдиги, Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги жана GIZдин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы каржылык колдоосу астында ишке ашкан.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17